Висмутин (висмут жалтырагы) – сульфид бирикмелерине кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Bi2S3. Кошундулары: Sb, Se. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү калайга окшош ак, тунук эмес. Абада киргилденип, сыртында жука боз кабатча пайда болот. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,8. С. салмагы 6,5. Электр тогун өткөрбөйт. Гидротерм, грейзен жана контакттуу метасоматоз кендеринде кездешет. Висмутин висмут кен-ташынын (рудасынын) негизги минералы.

Висмутин.

Колдонулган адабияттар түзөтүү