Витамин жетишсиздигиорганизмдин тамак-ашта витамин жетишпегендиктен, аларды начар сиңирүүдөн же ичеги микроорганизмдеринин аз синтезделишинен болуучу оорулуу абалы. Вуга витамини аз, бир түрдүү тамактануу (айрыкча тазартылган, кургатылган жана консерваланган продуктулар менен), натыйжада организмге углеводдун көп, жаныбар белогунун жана майдын аз келиши, жашылча менен жемиштин жок болушу же аларды туура эмес сактоодон витаминдеринин бузулушу (к. Витаминдер) себеп болот (экзогендүү В. ж.). Ошондой эле В. ж-не организмдин функциясынын бузулушунан ичеги-карын жолунда витаминдердин өзгөрүшү жана жакшы сиңбей калышы түрткү болот (эндогендүү В. ж.). Кээ бир антибиотиктерди, сульфаниламид жана башка дарыларды врач менен кеңешпей көпкө колдонуу да витаминдерди бузат жана синтезин төмөндөтөт. Организм витаминди өтө көп талап кылган учурда да Витамин жок болушу мүмкүн, мисалы, күч жана акыл эмгеги менен көп иштөө, нерв-эмоциялык чарчоо, муздак жана ысык абанын таасири, кычкылтек жетишсиздиги (к. Гипоксия) кош бойлуу жана бала эмизген учур жана башка. Витаминдердин бир аз жетишсиздиги гиповитаминоз деп аталып, мында көбүнчө оорулуунун жалпы абалы начарлайт, алы кетет, бат чарчайт, урушчаак болуп, уйкусу качат, ишке жөндөмдүүлүгү, тамакка табити начарлайт. Эгерде муну өз убагында дарылоо чаралары көрүлбөсө витаминдин толук жетишсиздиги — авитаминоз өөрчүйт. Авитаминоз өзүнчө клиникалык даана белгилери менен мүнөздөлөт. Аскорбин кислотасы (С витамини) жетишпегенде адегенде шалдырап, ал кетет, бат чарчайт, уйку басат, баш айланат (көбүнчө жазында). Андан кийин эрин, кулак, мурун, тырмак көгүш тартат, бүйлө канайт, ооздон жаман жыт чыгып, тиш бошоп, түшө баштайт. С витамининин жетишпегендиги ашынганда болуучу цинга оорусу чанда кезигет, анда териде ачык кызыл, бара-бара кара тактар пайда болот, ичеги-карындын иши бузулат. Организмдин жугуштуу ооруларга туруктуулугу төмөндөйт. Никотин кычкылы (РР витамини) жетишпегенде РР авитаминозунун белгилери — пеллагра пайда болот. Урушчаак болуп, уйку качат, көңүл чөгөт. Эрин кургап өңү өчөт, тил кызарып, кеберленет, шишимик тартат. Ич өтөт, булчуңдар ооруйт. Жаз жана күз мезгилинде териде мала кызыл так пайда болуп, калыңданат, киргилт күрөң түскө келет, сыйрылат. Пиридоксин (Вв витамини) жетишсиздиги аз кезигет. Кош бойлууларда, айрыкча талгак мезгилинде байкалат. Мында тамакка табити тартпай, жүрөк айланып, ичеги-карындын иши начарлап, ооздун былжыр челинде жана териде өзгөрүүлөр болот. Эмчектеги балада, айрыкча кургак сүт аралашмалары менен тамактандырууда алардын өсүүсү кечеңдейт. Ретинол (А витамини) жетишсиздигинин алгачкы белгилери — караңгыга жай көнүгүү, күүгүмдө көрбөө, жарыкты карай албоо. Андан тышкары тери бозоруп, кургап түлөйт, безетки, ириңдүү жара көп чыгат, чач кургап, өңү өчөт, көздүн былжыр чели сезгенет. Организмде рибофлавин (Вг витамини) жетишпегенде тамакка табит начарлап, күчтөн тайыйт. Эринде майда жаракалар пайда болот. Тери какачтанып түлөйт. Ооздун кычыгы жараланат. Көз кычышып, жаш агат. Тиамин (В витамини) жетишпегенде тамакка табити тартпай, тамак сиңирүү начарлайт, кускусу келет. Ич катат. Бат арыктайт, булчуң алсызданат, кол-буттун сезгичтиги азаят, баш айланат. Кыймылдаганда жүрөк тез-тез кагып, демигет, бат чарчайт. В1 витамининин жетишсиздиги күчөгөндө бери-бери оорусуна алып келет. Холекальциферол (Д витамини) авитаминозунда балдар алсыз, терчил, чыр болушат, өңү кубарып, тиши кеч чыгат, суукка байымы жок болот (Итий). Чоң кишилер шалдырап, тез чарчайт, тиши карарып бузулат, жамбаш сөөктөрү жана булчуңдары ооруйт. Витамин жетишсиздигинин белгилери жана дарылоосу кайсы витамин жетишпегенине жараша болот (Витаминдер. Витамин менен дарылоо). Витамин жетишсиздигин алдын алуу биздин өлкөдө жалпы мамлекеттик маселе катары чечилет. СССРде Совет бийлигинин жылдарында эл чарбасынын жаңы тармагы — витамин өнөр жайы өсүп чыкты, ал витаминдерди, анын препараттарын жана витамин концентраттарын чыгарат. Мектепке чейинки балдар мекемелеринде, мектеп-интернатта, төрөт үйүндө, ооруканада даяр тамакты витаминдөө жүргүзүлөт. Тамак өнөр жайынын ишканалары массалык керектелүүчү кээ бир тамак азыктарын витаминдейт: унга — тиамин, риофлобин, никотин кислотасы; сүт жана кантка — аскорбин кычкылы; маргаринге ретинол кошулат. Балдар коллективинде 3 жашка чейинки балдарга берилүүчү сүткө ретинол, аскорбин кислотасы, холекальциферол кошулат. Организмге зыяндуу ишканаларда иштегендердин тамагын витаминдөөнүн мааниси чоң. Витамин жетишсиздигинин алдын алууда негизинен тамак-аштын составында витаминдер жетиштүү болушуна маани берүү зарыл. Андыктан тамактын ар кандай түрүн, жер-жемиш, жашылчаларды дайыма пайдалануу керек. Витаминдердин организмде мааниси чоң экенин ар бир киши билүүгө тийиш. Ошондой эле ичеги-карын, боор ооруларын өз убагында дарылап, аракечтикке каршы күрөшүү, түрдүүлөп тамактануу, тамак-азыктарын туура сактоо жана даярдоо Витамин жетишсиздигин алдын алуу да чоң мааниге ээ. Витамин — биологиялык күчтүү таасир берүүчү зат. Ошондуктан аны врачтын көрсөтмөсү жок кабыл алуу зыяндуу.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8