Витамин менен дарылоо (витамин терапиясы) — витаминди ички органдардын, теринин кээ бир ооруларын дарылоодо, ошондой эле кээ бир физиологиялык абалда (кош бойлуу же эмчек эмизүү мезгилинде) организмдин витаминге муктаждыгын канааттандыруу үчүн колдонуу. Оорулуу организмде витамин такыр жок (авитаминоз) же жетишсиз (гиповитаминоз) болгон учурда В. м. д. дарылоонун негизги түрү болуп эсептелет. Бирок витаминди ашкере колдонууга болбойт. Врач сунуш кылган дозадан ашырбоо керек, к. Витамин жетишсиздиги, Витаминдер, Гипервитаминоз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8