Витамин м, аскорбин кислотасы - L-гулон кислотасынын туундусу. Цинга, аз кандуулукка каршы, таасир берет. Аскорбин кислотасы организмдеги биологиялык кычкылдануу процессине катышат. Ошондой эле бөйрөк үстүндөгү бездин гормондорун синтездөөдө, углевод алмашууда, нуклеин к-таларын синтездөөдө өтө керек. В. С калемпир, карагат, кызылгат, клубника, апельсин, лимон, капуста, картофель, итмурун, сүт ж. б. көп. Бул витаминдин гиповитаминозунда цинга оорусу (бүйлөнүн сезгениши), аз кандуулук байкалат.

С витамининин колдонулушуОңдоо

С витамини аскорбин кислотасы деген да аталышка ээ. Ал организмдин көптөгөн функциялары үчүн маанилүү каражат болуп саналат. Мисалы, адамдын денесиндеги ткандардын өсүшүнө жана калыбына келишине жардам берет. С витамини – суук тийүүдө колдонулуучу кеңири белгилүү каражаттардын бири, бирок ооруну алдын алууга жардам береби же жокпу, бул багытта изилдөөлөрдүн жыйынтыгы бирдей эмес.

Жаралардын айыгышы, инфекциялар жана кургак учукОңдоо

1982-жылы изилдөөчүлөр С витаминин көп колдонгон адамдардын жарааттары, жаралары жана көгөргөн жерлери тез айыгат деген бүтүмгө келишкен. Бул С витамининин организмде коллагендин иштелип чыгышына өбөлгө түзгөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн.[1] С витамини антиоксидант катары ткандарды калыбына келтирүүгө, сезгенүүдөн жана кычкылдануудан келип чыккан зыянды азайтууга жардам берет.[2] С витамини жетиштүү деңгээлде болгон адамдар С витамини жетишсиз адамдарга караганда инфекцияларга жакшы туруштук бере алышат. Ошондой эле С витамини курч респиратордук инфекциялардын алдын алууга, айрыкча жетишсиз тамактанган адамдарга жана стрессте жүргөндөргө жардам берет.[3]

Изилдөөчүлөр С витамини дарыга туруктуу келген кургак учук бактерияларын жок кыларын да аныкташкан.[4] 2013-жылы жарыяланган изилдөөдө кургак учукка каршы дары-дармектерге С витамини кошулса, терапиянын таасирин тездетет деген божомолдор айтылган.[5]

С витамини жана рак оорусунун терапиясыОңдоо

С витамини ракты дарылоого жардам берет. Ал антиоксидант катары организмди кычкылдануу стрессинен коргойт жана башка молекулалардын кычкылдануусун алдын алат. С витамининин жогорку өлчөмү рак ткандарынын айрым түрлөрүнүн өсүү ылдамдыгын төмөндөтөрү аныкталган.[6] Изилдөөчүлөр С витаминин дарылоо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп эсептелген рак оорусуна чалдыккандарга колдонууну дагы сунушташууда.[7]

С витамини рактын кайсы түрүнө таасир этиши мүмкүн экендигин жана С витамини менен кандай башка натыйжалуу дарылоо ыкмаларын колдонсо болорун, ошондой эле бул ыкманын узак мөөнөттүү кесепеттерин түшүнүү үчүн дагы кошумча изилдөөлөр талап кылынат. Ракты дарылоодо колдонууда С витамининин таасири тууралуу айрым окумуштуулардын ортосунда талаш пикирлер бар.[8] Бирок 2013-жылы изилдөөчүлөр жогорку өлчөмдөгү С витамини рак оорусу менен ооругандарга жардам бериши мүмкүн экендигин далилдешкен.[9]

Ал эми 2015-жылдагы изилдөө анын эффективдүүлүгүн тастыктаган.[10] Улуттук онкология институту жогорку өлчөмдөгү С витаминин колдонгон бир нече изилдөөлөр тууралуу билдирет. Жалпысынан, клиникалык изилдөөлөр С витамининин жогорку дозалары тамырга берилген учурларда, терс таасирлери өтө аз болгондугун көрсөткөн. Бирок тамыр аркылуу берилген С витамини бөйрөк оорулары, G6PD жетишсиздиги же гемохроматоз менен ооругандарга олуттуу терс таасир тийгизиши мүмкүн.[11] Айрым дарыгерлер бул ыкманы колдоп, аны дарылоодо пайдаланып жатышат.[12]

Азык-түлүк жана дары-дармектин сапатына санитардык көзөмөл жүргүзүү башкармалыгы (FDA) рак оорусу менен ооругандарга, анын ичинде химиотерапия жана нур терапиясын алып жаткан бейтаптарга С витаминин тамыр аркылуу берүүнү жактыра элек жана ал дарылоо ыкмасы катары таанылган эмес.

Башка артыкчылыктарыОңдоо

С витамининин башка төмөнкүдөй артыкчылыктары бар:

  • Жүрөк-кан тамыр системасын чыңдоо: С витамини кан тамырларды кеңейтип, жүрөк ооруларынан жана гипертониядан же кан басымдын жогорулашынан сактайт.[13]
  • Холестериндин деңгээли: С витамини жетиштүү болгон адамдарда холестериндин төмөн экени аныкталган.[14]
  • Катаракта: С витамини катаракта, ошондой эле улгайган куракта пайда болуучу макулярдык дегенерация ооруларынын тобокелдигин азайтууга жардам бериши мүмкүн.[15]
  • Диабет: Бейтаптар С витаминине бай жашылча-жемиштерди көп жесе, бөйрөктөрүнүн, көздөрүнүн жана нерв системасынын начарлоо мүмкүнчүлүгү азыраак болот.[16]
  • Анемия: С витамини – темирдин сиңишин жакшыртуучу эң күчтүү фактор.[17]
  • Гистамин: гистамин – бул иммундук система тарабынан иштелип чыгуучу, сезгенүүгө жана башка көйгөйлөргө алып келүүчү зат. 1992-жылы жүргүзүлгөн изилдөөдө күнүнө 2 грамм С витаминин ичкен адамдарда кандагы гистаминдин деңгээли төмөндөгөн.[18]
  • Деӊиз илдети: изилдөөгө 70 адам катышкан. Айрымдары 2 г С витаминин, башкалары плацебо ичип, андан соң суу үстүндө 20 мүнөт болушкан. С витаминин ичкендерде бул оорунун деңгээли төмөндөгөн.[19]

С витамининин жетишсиздигинен жабыркашы ыктымал топтогуларОңдоо

Төмөнкү топтор башкаларга караганда С витаминин жетиштүү албай калуу тобокелдигине туш болушат.

Тамеки чеккендер жана пассивдүү "тамеки чеккендер"Оңдоо

Изилдөөлөр тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендердин канынын плазмасында жана лейкоциттеринде С витамининин деңгээли төмөн экендигин, бул жарым-жартылай кычкылдануу стрессинин жогорулашына байланыштуу боло тургандыгын көрсөткөн. Ушул себептен улам тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерге күнүнө 35 мг С витамини көбүрөөк талап кылынат.[20]  Пассивдүү тамеки чегүүнүн таасири дагы С витамининин деңгээлин төмөндөтөт.

Концентрацияланган же кайнатылган сүт менен азыктанган ымыркайларОңдоо

Өнүккөн өлкөлөрдөгү көпчүлүк ымыркайлар С витаминин жетиштүү өлчөмдө камсыз кылган эмчек сүтү жана / же балдардын аралашма азыгы менен тамактанат.[21] Көптөгөн себептерден улам, ымыркайларды концентрацияланган же кайнатылган сүт менен тамактандыруу сунушталбайт. Бул практика С витамининин жетишсиздигин шартташы мүмкүн, анткени уйдун сүтүндө С витамини өтө аз болгондуктан, аны ысытканда, курамындагы витамин жоготулушу мүмкүн.[22][23]

Тамак түрлөрүн чектеген адамдарОңдоо

Жашылча-жемиштер С витамининин эң жакшы булагы болуп саналат, мындан тышкары башка көптөгөн тамак-аштарда да ал азыраак өлчөмдө кездешет. Демек, ар түркүн тамактануу аркылуу көпчүлүк адамдар күнүмдүк керектөөнү камсыз кылып, жок дегенде цинганын алдын алуу үчүн С витаминин жетиштүү деңгээлде пайдаланып турушу шарт. Тамак-аш кабыл алууну чектеген адамдар, анын ичинде айрым улгайгандар, жакырлар, алкоголдук ичимдиктерди же баңги заттарды көп колдонгондор, “чектен тыш” диета кармаган адамдар, айрым учурда балдар дагы С витамини менен жетиштүү деңгээлде камсыздалбашы мүмкүн.[24][25]

Мальабсорбция жана айрым өнөкөт оорулары бар адамдарОңдоо

Айрым медициналык шарттар С витамининин сиңишин төмөндөтүшү жана / же организмге зарыл көлөмүн көбөйтүшү мүмкүн. Ичеги-карындын оор мальабсорциясы же кахексиядан жабыркагандар, ошондой эле рак оорусуна чалдыккандардын айрымдары С витамининин жетишсиздигинен улам тобокел категориясында турат.[26] Өнөкөт гемодиализ кызматын пайдаланган, бөйрөк жетишсиздигинин акыркы стадиясындагы бейтаптарда дагы С витамини жетишсиз концентрацияланышы мүмкүн.[27]

С витамининин булактарыОңдоо

С витамининин эң жакшы булагы болуп жаңы мөмө-жемиштер эсептелет. Сууга ысытуу жана бышыруу С витамининин бир бөлүгүн жок кылышы мүмкүн, андыктан чийки азыктарды пайдаланган оӊ.

Курамында С витамини бар азыктар:

  • Жарым стакан таттуу кызыл калемпирде: 95 мг же суткалык ченемдин 106% ы.
  • Бир орточо апельсинде: 70 мг же суткалык ченемдин 78%ы.
  • Жарым стакан жаңы кулпунайда: 49 мг же суткалык ченемдин 54%ы.
  • Жарым стакан шпинатта: 9 мг же суткалык ченемдин 10%ы.

Курамында С витамини көп башка азыктар – ​​цитрус жемиштери, кара карагат, брокколи, брюссель капустасы, картошка жана помидор.

С витамининин ашыкча керектелишиОңдоо

С витамининин уулантуу мүмкүнчүлүгү аз жана аны көп көлөмдө ичкенде олуттуу терс таасирлерге алып келбейт. Көбүнчө диарея, жүрөк айлануу, ичтин түйүлүшү жана башка ичеги-карын оорулары пайда болоорун белгилешет. С витамининин кошулмаларын колдонууну токтотсоңуз, аталган белгилер жоголот.[28]

С витамининин түрлөрүОңдоо

‌‌‌‌Аскорбин кычкылыОңдоо

Аскорбин кычкылы – С витамининин эң көп колдонулган жана эң арзан түрү, бирок анын бир аз кычкыл компоненти айрым адамдардын, айрыкча ашказан кычкылы менен жабыркагандардын тамак сиңирүүсүн кыйындатат. Көптөгөн изилдөөлөрдө С витамининин ушул курамы колдонулат. Аскорбин кычкылы синтетикалык жол менен өндүрүлсө дагы, табыгий С витамини менен курамы бирдей. Аскорбин кычкылы таблетка, капсула же күкүм түрүндө чыгарылат.

Аскорбат жана С витамининин метаболиттериОңдоо

Аскорбат жана С витамининин метаболиттери – бул 1980-жылдары алынган кальций аскорбатынын патенттелген курамы. Анын курамында анча көп эмес сандагы кальцийдин треонат, ксилонат жана ликсонат сыяктуу С витамининин метаболиттери, ошондой эле дегидроаскорбин кычкылы бар. Өндүрүүчүлөр ал абсорцияны жакшыртууга жардам берет жана кадимки аскорбин кычкылына салыштырганда кандагы С витамининин деңгээлин жогорулатат деп ырастоодо.

Биофлавоноиддери бар С витаминиОңдоо

С витамини биофлавоноиддер деген аталыш менен белгилүү антиоксиданттар менен да айкалышат. Бул формуланы жактоочуларды биофлавоноиддери бар С витамининин жакшы сиңиши мүмкүн экендиги кызыктырат. 1988-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн биринде биофлавоноиддери бар С витамини кадимки аскорбин кислотасынын курамына салыштырганда 35 пайызга жакшы сиңери аныкталган. Аскорбин кислотасынан улам ашказан оорусунун белгилери күчөшү мүмкүн болгон бейтаптар үчүн бул эң жакшы вариант.

Липосомалдык С витаминиОңдоо

Липосомалдык С витамини био жеткиликтүүлүктү же сиңирүү касиетин жакшыртуучу дары. Окумуштуулар липосомалдык С витаминин сиңимдүүлүктү жогорулатуу максатында иштеп чыгышкан. Анда аскорбин кислотасы молекуласынын тамак сиңирүү жолу аркылуу оңой өтүшүнө жардам берген майды эритүүчү каптама бар. Маалыматтар көрсөтүп тургандай, аскорбин кислотасы сыяктуу С витамини жогору болгон капсула түрүндө эмес дарыларга караганда, капсула түрүндөгү липосомалардагы С витаминин ичүү кандагы С витамининин көбүрөөк концентрацияланышына алып келет.[29](жеткиликсиз шилтеме)

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4