Людвиг Витгенштейн

Витгенштейн, Людвиг‎»‎ барагынан багытталды)

Людвиг Витгенштейн (1889—1951) — лингвисттик талдоо философиясынын жаркын өкүлү. Аны XX кылымдын эң көрүнүктүү философу деп эсептесе болот.

Людвиг Витгенштейн.
Ludwig Wittgenstein (1929)

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Ал Венада туулуп, сегиз баланын эн кенжеси болгон. Анын төрт эркек жана үч кыз бир туугандарынын баары таланттуу, өзгөчө музыка жагынан таланттуу болушкан. Алгачкы жылдарда Витгенштейн механикага кызыгат. Ал Берлинде, андан кийин 1908-жылы Манчестерге (Англия) келип инженердик искусствону окуп-үйрөнөт. Студент болуп жүрүп реактивдүү кыймылдаткычтын долбоорун түзөт. Ошол кезде ал Бертран Расселдин «Математиканын принциптерин» окуйт жана 1911-жылы математик Фрегенин кеңеши боюнча ошол учурда Тринити Коллежде (Кембридж) иштеп жүргөн Рассел менен чогуу иштешүүнү чечет. 1912-жылы Тринити Коллежине кабыл алынып, ал жерде беш семестр окуп, убактысын көп учурда Рассел, Мур жана Кейнс (англиялык экономист) менен талаш-тартыштарда өткөрөт. Биринчи дүйнөлүк согушта австриялык армияда кызмат өтөп, эрдиги үчүн бир нече жолу сыйланат, бирок акырында түштүк Тиролдо италиялыктарга туткунга түшүп калат. Бардык мына ушул мезгилдерде Витгенштейн философиялык ойлорун жазып жүрөт, өлөрүнүн алдында алардын көпчүлүгүн жок кылат, бирок калгандарынан «Логикалык-философиялык трактат» түзүлөт. Бул трактатты ал Монта Кассинодогу аскер туткундарынын лагеринен Расселге жиберет. Туткундан бошогондон кийин Венага кайтып келет да, атасынан алган бардык мурасын эжелерине өткөрүп берип, өзү австриялык кыштактардын биринде мектеп мугалими болуп иштеп калат. Аскеттик турмуш өктөрүп, философияны таптакыр таштап салат. Бул мезгилде ал өзүн өтө бактысыз сезет, кээде өзүн өзү өлтүрүүнү да ойлойт, ал-күчтөн тайыйт. 1926-жылы Витгенштейн мугалимдик ишти таштап, бир аз убакыт бакчы болуп иштейт. Эки жыл эжесинин үй-жайына каралашып турат. Ал ошол учурда Вена университетиндеги философиянын профессору Мориц Шлик жана Вена ийриминин мүчөлөрү болгон башка профессорлор жана математиктер менен таанышат. Анын «Трактатынын» жоболору көпчүлүгүндө алардын көз караштарынын философиялык багыты менен үндөш болгондуктан ага кеңеш сурап кайрылып турушкан. Натыйжада ал кайрадан философиялык ишмердикке өтүүнү чечет да, Кембрижге келип, изилдөө иштерине киришет. Ал өзүнүн «Трактатын» философиянын доктору деген наам алуу үчүн диссертация катарында сунуш кылат. Рассел менен Мур рецензент болушат, натыйжада ал Тринитидс изилдөө стипендиясын алууга жетишет.

Чыгармачылык жолу түзөтүү

Венада философияны логикалык позитивизм түрүндө иштеп чыгууну Вена ийримине биригишкен философтордун тобу Мориц Шликенин жетекчилиги астында жүргүзөт. Ийримдин катышуучулары «Трактаттын» доктринасын колдонот, бирок көз караштары жагынан жакын болгонуна карабастан ал ийримге кошулган эмес. Ал математикадагы жана ойлом философиясында жеке өзүнүн идеяларынын үстүндө иштеп, бул эки тема боюнча көп эмгектерди жазат.

Анын Кембриждеги окуган дарстары стили, мазмуну жана формасы боюнча өзгөчө айырмаланып, кеңири белгилүү болгон. Ал дарсты Тринитидеги өзүнүн бөлмөсүндө, жакасы ачык көйнөк, фланел шым, булгары жакет кийип, столдо отуруп окуган. Георг фон Вригт өзүнүн Витгенштейндин өмүрү жөнүндөгү очеркинде мындай деп жазат: «Анын алдында кол жазма да, записка да болгон эмес. Аудиториянын алдында ой жүгүрткөн. Анын көңүлү өтө күчтүү топтолуп тургандай таасир калтырчу. Анын баяндап айтып жаткандары адатта суроо менен аяктап, ал суроого аудиторияга жооп берүүгө сунуш кылынар эле. Жооптор болсо өз кезегинде жаңы суроолорго алып келген жаңы ойлордун башталыш чекити боло турган». Витгенштейн өзүнүн философиялык аудиториясына 1933 жана 1935-жылдардын аралыгында окуган дарстарынын эки циклдеги топтому «Жашыл китеп» жана «Саргыч китеп» катарында да белгилүү болот.

Витгенштейндин өлүмү түзөтүү

Экинчи дүйнөлүк согуштун учурунда Витгенштейн санитар болуп иштеп, 1945-жылы гана профессордун ордун алат. Профессионал философтун өмүр турмушу чыдоого болбой турган өтө жасалма түрдөгү турмуш деп эсептеп, эки жылдан кийин отставкага кетет, бир аз убакыт Ирландияда жашап турат. Бул мезгилде анын ден соолугу өтө начарлап, рак менен ооруганы белгилүү болот. Ал 1951-жылы 29-апрелде Кэмбрижде өзүнүн врачы доктор Бивендин үйүндө каза болот.

Анын өмүрү жана инсандык сапаты анын философиялык ойлорундай эле адамды таң калтырып турган. Витгенштейндин көп сандаган шакирттери, достору жана коллегалары анын сүйкүмдүүлүгүн, кызуу кандуулугун, адамдарды өзүнө тартып турган мээримин жана даңкын эскеришет. Анын музыкалык чеберчилиги жана интеллектуалдык айжаркын акыл-эси, анын өзгөчө адам экени, чорттугу, жоомарттыгы жана апенди чалыштыгы жөнүндө Витгенштейн менен тааныш болгондордун жазып калтырган эскерүүлөрүндө сакталып турат. Ал америкалык фильмдерди жакшы көргөн жана философиядан чарчаганда эс алуу үчүн киного барган. Норман Малькольм Витгенштейндин көп учурда дарс окугандан кийин өтө чарчап-чаалыгып, андан заарканып турарын айтат. Өзүнүн «Эскерүүлөрүндө» ал мындай деп жазат: «Көп учурда ал аудиториядагы өзүнүн сабагынан кийин дароо эле киного жөнөй турган. Угуучулар бөлмөдөн чыга башташканда эле ал мага жалооруп карап, акырын гана «Мүмкүн киного барарбыз?» деп айтчу. Кино-театрга бараткан жолдо Витгенштейн булочка же муздак чочко эти кошулган май токоч сатып алып, фильмди көргөндө жеп отурар эле. Ал окуган дарстарындагы ойлордон жана андан заарканткан сезимден өзүн алаксытуу үчүн экрандын дал бет маңдайына биринчи катардагы отургучтарга отурууга умтулчу».

Витгенштейндин трактаты түзөтүү

«Трактаттын» кириш сөзүндө ал мындай деп жазат: «Бул китеп философиянын проблемаларын козгойт жана мен ойлоймун, бул проблемалардын коюлушунун себеби биздин тилибиздин логикасынын туура эмес түшүнүлгөндүгүндө экенин көрсөтүп турат». «Трактат», «төгүндөлбөй, биротоло далилденген жана шексиз» акыйкаттарды камтып турат жана бул акыйкаттарды ырастоодо ал «проблемаларды толук чечүүнү» тапкан. Фреге жана Рассел логиканы ойломдун мыйзамдары жөнүндөгү илим катарында карашса, Витгенштейн аны реалдуулуктун өз формасы катарында көрөт. Философиянын проблемалары анын пикири боюнча реалдуулуктун структурасы тилдеги маанинин масштабы менен аныктала тургандыгын, логиканын милдети универсумду чагылдырууда турарын көрсөтүү жолу аркылуу чечилиши мүмкүн. Ошондуктан логика башка илимдердин арасындагы жана алардын катарындагы жөнөкөй гана илим эмес, ал абсолюттук жана толук мүнөздөгү илим. Бул «Трактаттын» бардык мазмуну өнүктүрүлгөн негизги пункт болгон.

Сүйлөмдө келтирилген фактылар Витгенштейндин пикири боюнча мүмкүн болуучу фактылар болуп саналат. Ал мындай мүмкүн болуучу фактыларды сүйлөмдөрдү чыныгы жана жалган сүйлөмдөр кылуучу «атомардык» фактылар катарында сүрөттөйт. Эгерде белгилүү бир атомардык фактылар бар болуп турса анда сүйлөм чыныгы сүйлөм, эгерде алар жок болсо анда ал жалган сүйлөм. Мына ошентип, логиканын бардык мүмкүн болуучу фактылар менен иши болот: логикалык сүрөт өзүндө көрүнө турган жана андан кийин реалдуулук менен салыштырганда анын чындыгын жана жалгандыгын аныктай турган кырдаалдын мүмкүндүгүн камтып турат. Татаал сүйлөмдүн чындыгы анын элементардык компоненттерине байланыштуу, буга тавтология баардык мүмкүн болуучу шарттарда чындык болот, же, «жаан жаап жатат же жааган жок» деген карама-каршы пикир бардык шарттарда жалган болот. Эки учурда тең биз сүйлөмдөрдүн реалдуулукка ылайык келерин текшерүүгө муктаж эмеспиз. Витгенштейн этиканын, эстетиканын, диндин жана метафизиканын сүйлөмдөрүн «маанисиз» нерсе катарында сүрөттөп жазат, анткени алар тилди анын чегинен чыгуу аракетинде пайдаланышып, «Трактаттын» акыркы жобосу сөз кылбоону сунуш кылган маселелер жөнүндө айтууга аракеттенишет, айтууга боло турган нерселер табият билимдеринин сүйлөмдөрүнөн турат. Трактаттын аягында Витгенштейн мындай деп жазат: «Философиянын туура усулу чындыгында төмөнкүдөй болуу керек: айтылууга тийиш болгондордон, башкача айткандатабият билимдеринин сүйлөмдөрүнөн башканы, башкача айткандафилософия менен эч кандай жалпылыгы болбогондордон башканы айтпоо керек жана андан кийин кимдир бирөө метафизикалык бирнеме жөнүндө айткысы келсе, анда ага анын сүйлөмдөрүндөгү белгилүү бир белгилерге маани-маңыз берүүгө күчү жетпей тургандыгын көрсөтүп коюу керек» [6.53].

Витгенштейн этикалык, эстетикалык жана диний ой жүгүртүүлөрдү «маанисиз» катарында сүрөттөгөндүгүнөн улам ал бул ой жүгуртүүлөрдү маанилүү эмес жана эч нерсеге арзыбаган нерсе катарында карайт деп эсептешет. Бирок бул андай эмес. Пол Энгельманга жазган катында ал «Трактаттын» башкы маңызы этикалык маселе, ал эми көбүрөөк маанилүү бөлүгүн ал тарабынан жазыла электер түзөт деп жазган. Ал, бир жагынан табият билимдеринин тилинин, экинчи жагынан, этиканын, эстетиканын жана диндин тилинин ортосунда фундаменталдуу айырманы белгилөө менен, ал кийинки тилди кандайдыр бир редакциялоодон же аны биринчи (тилге) көчүрүүдөн коргогон. «Трактаттын» алтынчы бөлүмүндөгү айткандары анын этикалык, эстетикалык жана диний ой жүгүртүүлөрдү бул терминдин демейки маанисинде алганда маанисиз катарында карай тургандыгын көрсөтөт. 6.52-пунктта ал мындай деп жазат: «Бардык мүмкүн болуучу илимий суроолорго жооптор табылганда да биз турмуш проблемалары толук козголбогон маселелер бойдон кала берерин сезебиз». Ал эми 6.42-пунктта мындайча жазылган: «Бул этиканын сүйлөмдөрү үчүн мүмкүн эмес нерсе. Сүйлөм көбүрөөк бийик болгон нерседен башканы билдире албайт». Бул замечаниеден ачык болуп тургандай логикалык планда алганда маанисиз делгендер «көбүрөөк бийик» деп аныкталат. Философиянын маани билдире турган категорияларынын ичинен чыгарылып салына турган далилдерине карата ал мындай дейт: «Менин сүйлөмдөрүм төмөнкүчө түрдө түшүндүрмө боло алат: мени түшүнгөн ар ким ал сүйлөмдөрдүн чегинен чыгуу үчүн аларды тепкич катарында пайдаланганда ал акыры келип аларды маанисиз деп табат (Ал тепкич менен жогору чыгып алгандан кийин, мындайча айтканда, аны ыргытып салууга тийиш)» [6.54].

Витгенштейн 1918-жылы жазып бүткөн «Трактатты» ал узакка созулган философиялык ишмердигин кайрадан баштаганга чейин он жыл бөлүп турат. 1953-жылы жарыяланган «Философиялык изилдөөлөр» мурдагы жана кийинки эмгектеринин айырмасын ачык далилдеп турат. Чыгармачылыгынын биринчи жана экинчи мезгилдери да каралган проблемалардагы өз ара байланыштуулугун көрсөтөт. Витгенштейн «Трактатта» тилге талдоону кандай даражада жүргүзсө, «Философиялык изилдөөлөрүндө» да ошондой эле даражада жүргүзөт, бирок бул талдоонун жаратылышы башкача. «Трактат» каймана жана афористик стилде жазылган болсо, «Философиялык изилдөөлөр» ой жүгүртүүчүлүк менен мүнөздөлөт, ачык структурага да ээ эмес жана тил менен дүйнөнүн ортосундагы мамилелер жөнүндөгү божомолдоолорду камтыбайт. Эгерде «Трактаттын» сүйлөмдөрдүн жаратылышы менен иши болсо, «Философиялык изилдөөлөр» негизинен менталдык турмушту сүрөттөгөн сүйлөмдөргө токтолот. «Трактатта» Витгенштейн бардыгын, маанинин бар болушу жана жок болушу сүйлөм реалдуулукта турган формалдуу мамилелерге көз каранды деген идеяга негиздейт. «Философиялык изилдөөлөрдө» маани биздин сөздөрдү кандай пайдалана тургандыгыбыздын функциясы катарында каралат: адам жашоосун өткөрүп жаткан максаттар жана жашоонун формалары тил аларга кандай маани берсе ошондой түрдө көрүнөт. Дүйнөнүн жөнөкөй аталыштары болгон логикалык энчилүү аттарда да сүйлөмдөрдү түпкү (конечное) талдоо деген болбойт. Мунун ордуна тил табийгый адамдык көрүнүш катарында каралат жана философиянын милдети тилди биздин актуалдуу пайдаланганыбыз жөнүндө эскертүүлөрдү топтоодо, кээде ал пайда кылган табышмакты жок кылууда турат.

Философия «баардыгын жөн гана биздин алдыбызга коёт жана эч нерсени түшүндүрбөйт да, дедуктирлештирбейт», анын натыйжалары абдан ачык маанисиздиктин тигил же бул үзүндүлөрүнүн ачылып көрүнүшү болуп саналат; философиялык проблемалар «жаңы информациянын берилиши менен да, биз дайыма билген нерселердин кайрадан иштелип чыгып жатканы менен да чечиле койбойт» (126. 119. 109).

Витгенштейн «философтун маселени караганы илдетти дарылаганга окшош», башкача айткандамаселеге философиялык мамиле «суроо жооп» формасында болбойт, ал эми проблема ал тийиштүү түрдө түшүндүрүлгөндө, дарыланганда илдет кандай жок болуп кетсе, ошондой эле жок болуп кетет» (225) дейт.

«Философиялык изилдөөлөр» эмгеги түзөтүү

«Философиялык изилдөөлөр» деген эмгегинде Витгенштейн маанилер теориясын иштеп чыгып, аны «үй-бүлөдөгү окшоштук» теориясы деп атаган. Маанини ал аны тилде пайдалануунун жолу катарында түшүнгөн. Мисалы, биз «оюн» деген сөздүн маанисин аныктагыбыз келет. Бул максатта биз ар түрдүү оюндарды салыштырып көрөбүз да, көптөгөн оюндарга мүнөздүү болгон жалпы белгилерди бөлүп алабыз. Бирок бул каалаган натыйжаны бере албайт, анткени кээ бир оюндарда башка бир оюндарда бар болгон белгилүү бир белгилер жок болот. Оюндардын белгилүү бир тобу жалпы белгилерге ээ болушу мүмкүн, бирок анткен менен оюндардын четки топтору (крайние группы) дегеле эч кандай жалпылыкка ээ болбошу да мүмкүн. Витгенштейндин пикири боюнча, мындай кырдаал эң кенжеси эң улуу баласына окшош болбой турган көп сандаган үй-бүлөлөрдө да учурашы мүмкүн.

Мына ушундай ой жүгүртүүлөрдүн негизинде Витгенштейн бардык оюндарга жалпы болгон нерсе алардын оюн деп аталгандыгы деген корутундуга келет. Башкача айтканда«оюн» деген сөз аркылуу оюн деп түшүнүлгөн нерсе шарттуу түрдө белгиленет. Мына ошентип, бул өзүнчө бир конвеция сыяктуу, мунун жардамы менен биз чындыктын бир катар обьектилерин, фактыларын белгилүү бир сөзгө алып келип такадык. Ушундан улам анын «Философиялык изилдөөлөрдөгү» айткан белгилүү пикири түшүнүктүү болуп чыгат (4-бөлүм): «Бардыгы үчүн болбосо да, биз «маани» деген сөздү пайдаланган учурлардын көптөгөн классы үчүн ал төмөнкүчө түрдө аныкталышы мүмкүн: кээ бир сөздөрдүн мааниси аны тилде пайдалануунун дал өзү».

Витгенштейн биздин турмушубузда тилдин колдонулушун тил оюну деп атайт. Тил оюндарынын кээ бирлери белгилерди практикалык түрдө пайдаланууга тиешеси бар жана белгилерди практикалык пайдалануу тилди пайдаланууда чыны менен көрүнө турган шарттар жөнүндөгү маселени пайда кылат. Мына ошентип Витгенштейн, биздин турмушубузда тил аракет кылып турган жолдорду баса көрсөтөт. Белгилүү бир катарды кандайча улантуу керек деген маани менен иши болгон тармакка карата алганда бул сөзсүз адилеттүү. Кээ бир изилдөөчүлөр мындай позиция эрежелерге жана аларды колдонууга карата алганда өзүнчө бир скептицизм болуп саналат деп эсептешет, бирок Витгенштейн баарынан да жүрүм-турумдук жана практикалык контекстерде жана кырдаалда (ситуацияларда) камтылып турган эрежелерди жөн гана кандайча тутуу керектиги жөнүндөгү билимди баса белгилейт. Тилдеги туюнтмаларды пайдаланууну биздин түшүнүшүбүз ушундай билимди талап кылат.

«Философиялык изилдөөлөрдө» ал «философиядагы менин максатым эмне?» деген суроого жооп берет жана менин максатым «чымындын чымын кармагычтан кандай» (1-бөлүм, 309-6) жол менен учуп чыгып кетерин көрсөтүү дейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү