Вишневский Александр Васильевич

Вишневский Александр Васильевич [23.8 (4. 9).1874, Россия империясы, Дагстан, Чирьюрт айылы 13. 11. 1948, СССР, Москва шаары] – советтик хирург, СССР Медицина Илимдер Академиясынын анык мүчөсү (1947), РСФСРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1934). Казан университетинин медициналык факультетин бүткөн (1899). Казандагы госпиталдык хирургия (1914–25) жана факультеттик хирургия клиникасынын башчысы (1926–34). СССР Медицина Илимдер Академиясынын Хирургия институтунун директору (1947). Ушул институтка 1948-ж. А. В. Вишневскийдин ысмы коюлган. А. В. Вишневский операция убагында ооруганды сездирбей турган новокаинди колдонуу жана майлуу бальзамды (Вишневский майы) сыйпап таңуу методун сунуш кылган. Бул метод антисептикалык дары катары гана эмес, нерв системасына таасир эткендиктен, ткандардын сезгенишин (гангрена, трофикалык жара, тромбофлебит, чыйкан, ириң толгон шишикти) дарылоодо да жакшы натыйжалар берет. СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1942). Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү