Чыйканчач капчалары менен май бездеринин жана анын тегерегиндеги клетчаткалардын ириңдүү сезгенүүсү.

Ириңдетүүчү микробдордун сыйрылган, чийилген, тытылган, башкача айтканда микротравмага учураган тери аркылуу кириши; авитаминоз, зат алмашуунун бузулушу жана башкалар оорунун өнүгүшүнө түрткү болот. Демейде Чыйкан жалгыздан кийим өйкөгөн жерлерде, желке, бел, жамбаш, кээде бут-колго, бетке чыгат. Адегенде териде кызарган катуу бүдүр пайда болот; ал чоңоюп, ооруганы күчөйт. Оорулуунун башы ооруп, температурасы көтөрүлөт. Кызарганы өчүп, боз көгүш тартат; 3—4-күнү анын ортосу сары башыл болуп ириңдеп, кийин ал жарылып ириң чыгат. Чыйкандын жарылган жеринде өзөгү (өлгөн ткандар) калат, ал 2—3-суткада кан ириң менен аралашып ажырап түшөт. Чыйкан кабылдап тилме, сепсис, флегмона, тромбофлебитке өтүшү мүмкүн. Айрыкча бет, мурун, эринге чыккан Чыйкан коркунучтуу, анткени ириң мээге өтүп, ириңдүү менингитке алып келет.

Дарылоодо хирургиялык жолдор колдонулат, ошондуктан дарттын алгачкы белгилеринде эле дарыгерге кайрылуу керек.

Чыйкандын алдын алуу үчүн өздүк гигиенаны сактоо, теринин кесилген, сыйрылган жерин йод, бриллиант жашылы менен дезинфекциялоо зарыл. Ч-ды өз алдынча сыгууга, ысык басууга болбойт. Анткени ал ооруну кабылдатат. Врачтын көрсөтмөсү менен марганцовкадан ванна жасаса болот. Углеводу көп тамактарды (таттуу, ундан жасалган) азыраак пайдаланып, витаминдүү тамак-аш жеп, организмди чыңдоо зарыл.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8