Владимир областы - Россия федерациясынын субьекти - 1944-жылы 14-августта түзүлгөн.

Владимир областы.

Аянты 29,0 миң км2. Калкы 1 397 168 (2016). Борбору — Влади­мир ш. Область Чыгыш Европанын борб. бөлүгүндөгү түздүктө жатат.

Жеринин бети жапыз дөңсөөлүү (орт. бийикт. 200—250 м ге чейин). Дөңсөөлөр аралыгында куушураак терең өрөөндөр жатат.

Областта аки таш те­ги, отко чыдамдуу чопо, фосфориттер, темир рудасы бар. Климаты мелүүн коитиненттик. Январдын орт. температурасы —11, —12°С, июлдуку 17— 18,5°С. Жылдык жаан-чачыны 480— 580 мм. Областтын башкы дарыялары — Ока ж-a анын сол куймасы Клязьма. Владимир областында күл жанa саз топурак басымдуу. Айрым жерлери карбонаттуу болгондуктан кыртышы бир кыйла асылдуу келип, көбүнчө айдоо аянтына айланган. Областтын аймагы токой зонасына кирет. Мырза карагай, кайың, карагай, бай терек өсөт. Дарыя бойлору шалбаалуу. Айбанаттары: багыш, каман, карышкыр, сүлөөсүн ж. б; канаттуулары — кара- кур, кереңкур, өрдөк ж. б. Калкынын көбү — орус.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.