Водораздельный бор кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Ала-Бука кыштагынан 60 км түштүк-чыгышта, Түзашуусай суусунун башатында жана Каратөрсай суусунун сол капталында деңиз деңгээлинен 3700 м бийиктикте. 1957- жана 1961-жылдары изилденген. Бор алынуучу минерал – аксинит, палеозой мезгилинде пайда болгон биотит-амфиболдуу сланецтерде жука тулкуларды түзөт. Аксинит минералы менен минералдашкан аянттын өлчөмү 1000–400 м. Анда бордун үч кычкылынын өлчөмү 1,25%–4%. Руданын 10 м тереңдикке чейинки болжол ресурсу 4 млн м3.

Колдонулган адабияттар түзөтүү