Вождизм – 1) Жогорку бийликке ээ болгон адамга берилип кызмат кылууга негизделген бийликтик мамиленин тиби. Саясатта Вождизм бекем борборлоштурулган идеологияга сугарылган коомдорго мүнөздүү жана мекемелерде иерархия мүнөзүндө болот. 2) Диний же согуштук кол башчылык жеке бийлигине негизделген. Көбүнчө Чыгышта, Африканын патриархалдык-уруулук, эрте феодалдык коомдоруна мүнөздүү бийлик институту; өнүккөн, кеңири таралган юридикалык эмес жөнгө салуу, социалдык ролдордун туруктуу бөлүнүшү менен мүнөздөлөт. Институт катары Африкада, Чыгышта өнүгүп, «Чыгыш деспотизми» катары белгилүү. Капиталисттик мамилелердин пайда болушу менен Чыгышта да институт катары Вождизм жоюлган, бирок, бийликтин тиби боюнча сакталып кала берген. Вождизмдин мүнөздүү белгиси – саясий мамилелерде этномаданий стереотиптерди колдонуу. Буга жол башчыны – харизматташтыруу жана атрибутташтыруу кирет. Харизматташтыруу – жол башчыга бардык сапаттарды, анын ичинен көрөгөчтөктү жабыштыруу. Бийликтеги жол башчынын атынан анын ишин улантуучулар, жүргүзүүчүлөр иштешет, анын ордуна кийин сөзсүз бардык жагынан талапка ылайык келген мурасчы тандалат. Атрибутташтыруу – жол башчыга сөзсүз кандайдыр бир окуунун негиз салуучусу деген наамды ыйгаруу. Азыркы күндө Вождизмдин клиентелизм, неопозитивизм, трибализм сыяктуу түрлөрү бар. Африка өлкөлөрүндө клиентелизм, чыгыш өлкөлөрүндө неопозитивизм, трибализм мүнөздүү, мында башкаруучу элита уругуна, ата-тегине жараша, жердешчилиги боюнча шайланат. Вождизмдин бардык түрү үчүн жалпы нерсе – төмөндөгүлөр өзүнүн жогоруга айрыкча, клан башчысына берилип кызмат кылуусу керек. Ошондой эле, Вождизм көзөмөлдөнбөйт, адамдардын аң-сезимине таасир этүү аркылуу, тоталдык бийлөө болуп саналат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9