Волга дарыясы, Эдил (байыркы аты Ра, орто кылымда Итил) – Европадагы эң ири дарыя. Россиянын европалык бөлүгүндө. Узундугу 3530 км, алабынын аянты 1360 миң км2. Валдай дөңсөөсүнөн башталып, Казан шаарына чейин кеңдик, андан кийин меридиан багыттарында агат. Каспий деңизине куярда чоң дельтаны пайда кылат (19 миң км2). Волганын 200дөй куймасы бар; ирилери: Ока, Сура, Свияга (оң), Молога, Ветлуга, Бейшлот, ортоңку жана төмөнкү агымында Кама, Самара, Чоң Ыргыз (сол).

Волга дарыясы
Мүнөздөмө
Узундугу 3 530 км
бассейндин аянты 1 360 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 08010100112110000000017, 08010400312112100000019, 08010100412110000000017, 08010400712110000000017, 11010002412110000000017, 11010000312110000000017, 08010100812110000000017 и 11010002212110000000017
Волга дарыясы.

Волга жогорку бөлүгүндө Жогорку Волга көлдөрү аркылуу агып, агымы суу сактагычтуу ГЭС каскаддары менен жөнгө салынат. Ири ГЭСтери: Чебоксары, Волга (Куйбышев суусактагычы), Волга (Волгоград суу сактагычы) ж. б. Волгоград шаары тушта суунун орточо чыгымы 724 м3/сек, чатында 7710 м3/сек. Ноябрдын аягы декабрдын башынан апрелге чейин, төмөнкү агымында марттын ортосуна чейин тоңот. Волга Волга-Балтика суу жолу аркылуу Балтика деңизи, Түндүк Двина суу системасы жана Ак деңиз Балтика каналы аркылуу Ак деңиз, Волга-Дон каналы аркылуу Азов жана Кара деңиздер, Москва атындагы канал аркылуу Москва дарыясы менен туташат. Суусу калкты суу менен камсыз кылууга жана сугатка пайдаланылат. Балыктын 70тей түрү (анын 40 промыселдик) бар. Ржев шаарынан баштап кеме жүрөт (3256 км).

Негизги өнөр-жай борборлору жана порттору: Тверь, Ярославль, Нижний Новгород, Чебоксары, Казан, Ульяновск, Тольятти, Самара, Саратов, Волгоград, Астрахань. В-нын алабында Волга-Кама, Жигули, Астрахань коруктары, Самара Лукасы улуттук паркы бар. Антропогендик таасирден дарыя алабында экологиялык кескин терс кырдаал түзүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү