Вольфрам куймалары - негизги бөлүгү вольфрамдан турган металл куймалары.

19-кылымдын 2-жарымында вольфрамдын (W) пайдалуу таасири изилденип, натыйжада негизи W карбидинен турган абдан бекем легирленген вольфрамдуу болот куймалар пайда болду. 1950-жылдан баштан температурага туруктуу жанa ийилгич-чоюлгуч касиетке ээ W—Re куймала­ры электр вакуум приборлорунда, температурасы 2500°Сге жеткен чөйрөдө иштөөчү термопаралык зым катары колдонула баштады. Вольфрам куймалары төмөнкүдөй бөлүнөт: катуу куйма, бирикмелер [торий окисп (Th02) ж-a тантал карбиди (ТаС)] менен түзүлгөн псевдо-куймалар жанa Mg, Re, Си, Ni, Ag металлдары кошулгандагы псевдо-куймалары. Бул кошундулар Вольфрам куймаларынын легирленүү, температурага туруктуулук, ийилгичтик сыяктуу физ. касиеттерин жогорулатып, ал куймаларды электр вакуум техникасында, ракета жанa самолёт курууда кеңири колдонууга мүмкүндүк берди.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.