Вульгардык материализм (лат. vulgaris – жөнөкөй, кадыресе) – 19-кылымдын ортосундагы материализмдин негизги принциптерин жөнөкөйлөткөн, одонолоткон философиялык агым.

Вульгардык материализм теориялык негиздөөчүсү француз материалисти Кабанис, ал эми негизги өкүлдөрү К. Фохт, Л. Бюхнер, Я. Молешоттор болгон. В. м. табият илимдеринин теорияларын (материянын сакталуу мыйзамы, энергиянын айлануу жана сакталуу мыйзамы, Дарвиндин эволюциялык өнүгүү мыйзамы, организмдердин клеткалык түзүлүшү ж. б.) активдүү түрдө кеңири жайылтып, атеисттик маанайдагы корутундуларды чыгарышып, аларды, өзүлөрү айткандай, немис классикалык философиясынын «көз боемочулугуна», «шарлатандыгына» каршы коюп, философиялык көйгөйлөрдүн табият таануу илимдеринин конкреттүү изилдөөлөрү аркылуу чечүүгө умтулушкан. Мис., В. м. аң-сезимди ж. б. коомдук көрүнүштөрдү тамак-аштын химиялык составынан, климаттан ж. б. көз каранды, жана физиологиялык процесстердин натыйжасы деген пикирди айтышкан. Физиологиялык процесстер психиканы аныктайт, ал эми боор менен өт бири-бирине карата кандай мамиледе болсо, мээ менен акыл-ой да ошондой катнашта, б. а. акыл-ойду мээнин секрециясы катары түшүндүрүшкөн. Ошентсе да, Вульгардык материализм 19-к. шартында табият илимдеринин ачылыштарын кеңири жайылуусуна көмөктөшкөн динге, идеализмге каршы күрөшкөн агым болгон.


Колдонулган адабияттар түзөтүү