Климат — тар мааниде (жергиликтүү климат) ― белгилүү бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын көп жылдык режими; кең мааниде ― статистикалык сүрөттөмөнү камтыган климат системасынын (атмосфера, биочөйрө, гидросфера, литосфера, криосфера) абалы[1].

Жер. 1972-жылы

Глобалдык жана жергиликтүү климаттарды изилдөөсүндө ар башка ыкмаларды колдоншот. Глобалдык климатты ― климатологиянын, жергиликтүү ― метеорологиянын ыкмалары менен изилдешет. Климатология метеорология илиминин бөлүмү.

Жергиликтүү климаттын бир нече ондогон жылдар аралыгындагы абалын белгилөө үчүн «климаттык ченем» деген түшүнүктү киргизишкен. Эл аралык метеорологиялык уюмдун аныктамасы боюнча 30 жыл — бул климатты аныктоо үчүн тийиштүү пайдаланылган убакыт.

Кайндайдыр бир мейкиндикте климаттык процесстер өтүү боюнча макроклиматты, мезоклиматты, микроклиматты ажыратышат.

Климат табияттын бир компоненти болуу менен ал суу режимине, топуракка, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнө, ошондой эле адамдын ден соолугуна, турмуш тиричилигине жана чарбасына таасирин тийгизет.

Климат түшүнүгү жалаң Жер планетасына таандык эмес, бул түшүнүк башка атмосферасы бар астрономиялык объектерине (планеталар жана башкалар) да таандык.

ЭтимологияОңдоо

«Климат» деген түшүнүк байыркы грек тилиндеги «клима» — Күн нурунун жер бетине жантайюу деген сөзмө-сөз маанидеги сөзүнөн жаралган. Башкача айтканда «клима» ― Күн нурунун жер бетине тийишинин бурчу. Байыркы гректер бөлөк кеңдиктердеги аймактардын климаттык өзгөчүлүгүн «клима» менен жана күндүн узактыгы менен ченешкен[2].

Кыргыз тилине «климат» сөзү орус тилинен өзгөрбөй келген. Ал сөз орус тилине француз тилиндеги «climat» сөзүнөн келген.

Климат жаратуучу факторлорОңдоо

 
Жердин өз орбита тегиздигине жантайышы. Жылдын ичинде жайтайюу бурчу өзгөргөнү үчүн төрт жыл мезгили бар

Климат жаратуучу факторлор ― климат системасына тышкы таасирлерди аныктоочу физикалык механизмдер, ошондой эле климат системасынын бөлүктөрүнүн ортосундагы өз ара байланыштар. Бул факторлорду эки топко бөлүүгө болот. Биринчисине тышкы климат жаратуучуү факторлору, экинчисине климаттык системанын өз касиеттерин мүнөздөөчү факторлор киришет (ички факторлор).

Жергиликтүү климаттын негизки аныктоочу факторлор: Күндүн нур агымы, атмосферанын айлануусу, жер үстүнкү катмардын мүнөздөмөсү.

Тышкы факторлорОңдоо

 
Жер прецессиясынын анимациясы. Айлануу мезгили 26 миң жыл
 
Экваторго башка кеңдиктерге караганда Күндүн нуру тик тийгендиктен, Күндүк энергиясы көбүрөөк жыштыгы менен экваторго жайылат. Экватордон алыстагындан соң Күн нуру жер бетине кыйгачыраак тийип баштайт. Ошондуктан, ошондой эле Күндүн энергиясынын бөлүгү экватордон тышкары чоңурак аймакка жайылат. Андан тышкары атмосферага нурдун кыйгач кириши анын атмосферадан өткөн жолун узартат. Андан Күн агымынын бир аз бөлүгү атмосферадан таралып жерге жетпей калат

Сырткы факторлорду өз кезегинде эки топко бөлүүгө болот: астрономиялык жана геофизикалык.

Астрономиялык факторлорго, биринчиден, Жер атмосферасынын жогорку чегине кирген күндүн энергиясынын бөлүштүрүлүшү, экинчиден, Күндүн жана Күн системасынын башка планеталарынын, ошондой эле Айдын гравитациялык таасири көз каранды.

Айдын гравитациялык, таасири убакыттын өзгөрүшү менен, планетабыздын орбиталык кыймылынын мүнөздөмөлөрүнүн термелүүлөрүн, суу массивтердин ташкынынын жана тартылышын жаратат, натыйжада Күндөн атмосферанын жогорку чегине келген энергиянын олку-солку болушуна алып келет. Тышкы магнит талаасы дагы белгилүү ролду ойнойт.

Жыл мезгилдин өзгөрүшү Жердин айлануу огунун эклиптикага (Жер орбитасынын тегиздиги) ыкташы менен аныкталат. Учурда экватор менен эклиптика тегиздиктеринин ортосундагы бурчу 23° 26' 30" (23,44°), бирок өлчөмү 22°―24,5° аралыгында 41 миң жылдык мезгилинде өзгөрүп турат. Бул тропикалардын жана уюлдардын кеңдиктери 2,5° чегинде өзгөрүп турганын билдирет. Бирок, орбитанын эксцентриситетинин өзгөрүшү менен эклиптикага болгон перпендикулярына салыштырмалуу Жердин огунун прецессиясы ― гравитациялык толкундоолордун эң олуттуу көрүнүштөрү.

Астрономиялык факторлор:

  • Күндүн жаркыроосу;
  • Күн системасындагы Жердин жайгашы жана кыймылы;
  • Жердин айлануу огунун орбита тегиздигине жантайышы;
  • Жердин өз огунун айланасында айлануу ылдамдыгы;
  • космос мейкиндиктеги заттын тыгыздыгы.

Геофизикалык факторлор:

  • Жердин чоңдугу жана салмагы;
  • тартылуу күчүнүн көрсөткүчү;
  • Жердин магнитосферасы (магниттик талаасы);
  • Ички жылуулук.

Ички факторлорОңдоо

  • атмосферанын салмагы жана курамы;
  • материктердин жана океандардын жайгашуусу;
  • жердин жана океан түбүнүн рельефи;
  • океандын салмагы жана суусунун курамы.
  • жер үстүнкү катмардын мүнөздөмөсү (топурак, өсүмдүк, муз, кар катмарлары)[3][4].

Климаттын классификациясыОңдоо

Алисов боюнчаОңдоо

 
Алисов боюнча климаттын классификациясы

Советтик климатолог Алисов Борис Петровичтин (1891―1972) классификациясы боюнча катардардагы климаттык алкактары бар: уюлдук, субуюлдук, мелүүн, субэкватордук, экватордук, субтропикалык, тропикалык.

Кёппен боюнчаОңдоо

 
Кёппен боюнча климаттын классификациясы

Дүйнөдө Кёппен Владимир Петровичтин (1846—1940) классификациясы кеңири жайылган. Анын негизи катары температура менен нымдылууктун деңгээли алынган. Классификация көп жолу өркүндөтүлгөн. Г. Т. Треварттын редакциясы боюнча климат беш классына бөлүнөт. Ар бир климаттын температурасынын, кышкы жана жайкы жаан-чачын көлөмүнүн көрсөткүчтөрү так көрсөтүлгөн. Бул белгилүү бир аймактын климатын белгилүү бир климаттын типине бөлүштүрүүнү жеңилдетет, ошондуктан Кёппендин классификациясы кеңири жайылган.

Климаттардын кодторунун кыскача мүнөздөмөсү
Биринчи тамга Экинчи тамга Үчүнчү тамга
A (тропикалык) f (нымдуу)
m (муссондук)
s (саванна, кургак жай менен)
w (саванна, кургак кыш менен)
B (кургак) W (чөл)
S (талаа)
h (ысык)
k (суук)
C (мелүүн) w (кургак кыш менен)
s (кургак жай менен)
f (кургак мезгили жок)
a (ысык жай)
b (жылуу жай)
c (суук жай)
D (кентиненттик) w (кургак кыш менен)
s (кургак жай менен)
f (кургак мезгили жок)
a (ысык жай)
b (жылуу жай)
c (суук жай)
d (аябай суук кыш)
E (уюлдук) T (тундра)
F (көп жылдык тоң)

Климаттын өзгөрүшүОңдоо

Булактарга шилтемелерОңдоо

  1. https://web.archive.org/web/20160524223615/http://www.ipcc.ch/pdf/assessment-report/ar5/wg1/WG1AR5_AnnexIII_FINAL.pdf
  2. http://nvsu.ru/ru/Intellekt/1134/Grebenyuk%20G.N.,%20Hodzhaeva%20G.K.%20Meteorologiya%20i%20klimatologiya%20-%20Uch-prakt%20posobie%20-%202012.pdf
  3. http://elib.rshu.ru/files_books/pdf/img-214143231.pdf
  4. http://szf.aviamettelecom.ru/wp-content/uploads/2014/02/%D0%9C%D0%B5%D1%82%D0%B5%D0%BE%D1%80%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B8%D1%8F-%D0%B8-%D0%BA%D0%BB%D0%B8%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%BE%D0%BB%D0%BE%D0%B3%D0%B8%D1%8F.pdf

АдабиятОңдоо