Вычегда
Вычегда ― Орусиядагы Коми Республикасы менен Архангел облусундагы дарыя, Түндүк Двинанын оң куймасы. Узундугу 1130 км, алабынын аянты 121 миң км2. Тиман токолтоосунан башталып, башында кууш өрөөн менен агып, босоголуу, төмөн жагы жазы, жайылмасында салаалар жана эски нуктар көп. Негизги куймалары Вымь (оң) жана Сысола (сол). Орточо чыгымы 1160 м3/сек. Ноябрдын башынан апрелдин аягына чейин тоңот. Вольдино пристанына чейин (938 км) кеме жүрөт. Сал агызылат. Боюнда Сыктывкар, Сольвычегодск, Котлас (чатында) шаары жайгашкан.
Вычегда
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 1 130 км |
бассейндин аянты | 121 000 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Орусия |
Област | Коми Республикасы, Архангел облусу |
ОМСР | 03020200112103000013575 |
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4