Коми РеспубликасыРоссия Федерациясынын субьектиси, республика. Аянты 416, 8 миң км2. Калкы 864 424 миң (2015). Административдик-аймактык жактан 12 районго, 10 шаарга, 29 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Сыктывкар шаары.

Коми Республикасы


Негизги маалымат

түзөтүү
 
Коми Республикасы.

Калкынын негизин орустар (57,7%), комилер (23,3), украиндер түзөт; ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 2,7 киши туура келет. Динге ишенгендердин көпчүлүгү православныйлар, протестанттар да бар. Шаар калкы 75,3%. Ири шаарлары: Воркута, Ухта, Печора, Усинск, Сосногорск, Инта. Республика Түндүк-Батыш федералдык округуна карайт. Мамлекеттик бийлигинин органдар системасы Россия Федерациясынын жана Коми Республикасынын конституциясы тарабынан аныкталат.

Экологиялык абалы калк аз жайгашкан түштүк-чыгышында жана түндүк-батышында канааттандырарлык, ал эми нефть жана газ казылып алынган аймактарында курч абалда. Тайгада (бугу жайытынын негизинде) деградацияга учураган жерлер кездешет. Жылына атмосферага 790 миң т уулуу заттар чыгарылат.

Коргоого алынган табигый аймактар системасы (аянты респеспубликанын аймагынын 14,6%ин түзөт) Европадагы эң ири Печора-Илыч коругу жана мамлекеттик улуттук парк – Югыд Ваганын карамагына киргизилип, Коминин кол тийбеген токойлору деген жалпы ат менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган.

Республиканын аймагынын көпчүлүк бөлүгү түзөң. Аймагынан Тиман токол тоосу жана Уралдын түндүк бөлүгү (эң бийик жери 1895 м) орун алган. Алардын аралыгында Печора түздүгү жайгашкан.

Жылдык орточо температурасы 0–1°С, эң түндүк-чыгышында –4°Сден –6°Сге чейин. Кышы узак, суук; жайы кыска, салыштырмалуу жылуу. Январдын орточо температурасы –17°С, июлдуку 11–15°С. Жылдык жаан-чачыны 700–1500 мм.

Түндүгүндө жана түндүкчыгышында түбөлүк тоң жатат. Аймагы өтө нымдуу болгондуктан, саздуу келип, дарыя тармактары жыш. Алар Баренц, Каспий жана Кара (Карск) деңиздеринин алаптарына кирет. Ири дарыялары: Печора, Вычегда, Мезень.

Көптөгөн көлдөрү бар; эң ирилери: Ямозёра (аянты 31,1 км2), Синдорский (28,5 км2). Печора дарыясынын алабы саздак. Аймагынын басымдуу бөлүгүн тайга зонасы жана 69%ин токой ээлейт. Күлбото топурагы басымдуу. Карагай, көк карагай, бал карагай, кызыл карагай өсөт. Түндүктө 66° түндүк кеңдикте тайга токойлуу тундра менен алмашат. Кен байлыктарынан таш көмүр, нефть, газ, боксит, хромит, титан, марганец, барит жана кварц казылып алынат. Минералдык суулар чыгат.

Комиде региондук бир нече заказник (37 комплекстүү, 15 ихтиология, 30 ботаника, 38 токой, 48 флора, 5 шалбаа, бир геологиялык жана бир зоологиялык) уюштурулган жана 200дөн ашык табият эстелиги (анын ичинде 46 геологиялык, 32 ботаника, 13 суу жана 18 саз) бар.

Коми крайы 1478-ж. Россия Федерациясынын курамына кирген. 1921-ж. 22-августта Коми (Зырян) АОсу (РСФСРдин курамында), 1936-ж. Коми АССРи 1990-ж. Коми ССРи болуп кайра түзүлгөн. 1992-жылдан Коми Республикасы.

Коми Түндүк экономикалык райондун курамына кирет. Өнөр-жай продукциясынын көлөмү айыл чарба продуктусунан 40 эсе жогору (2006). Региондун дүң продукциясынын структурасында өнөр жайдын үлүшү 48,1%, транспорт менен байланыштыкы 12,6%, дүң жана чекене сооданыкы 9,1%, кыймылсыз мүлк (ижарага берүү ж. б.) 9,1%, курулуш 7,5%, айыл жана токой чарбасыныкы 3,2%. Коми Россия экономикасында өнүккөн токой өнөр-жай комплекси менен өзгөчөлөнөт. Фанера (1-орунда; 12%), целлюлоза (3-; 14,9%), кагаз жана картон (4-; 6,4%), тактай материалдар (9-; 3,1%) өндүрүштөрү өнүккөн. Коми Россиянын Түндүк Европасынын негизги отун базасы болуп эсептелинет (40ка жакын нефть кени иштетилет), токой, жыгаччылык, целлюлоза-кагаз (23,5%, «Сыктывкар токой өнөр-жай комплекси»), электр энергетика (Коми Республикасынын керектөөсүн толугу менен камсыз кылат), тамак-аш (ири ишканалары: «Сыктывкархлеб», «Юбилейный» кондитер фабрикасы, ошондой эле эт, сүт, ликёр-арак ж. б.) өнөр-жай ишканалары иштейт.

Айыл чарбага жарактуу жери республиканын аймагынын 0,5%ин ээлейт (анын ичинде айдоо аянты 30,6%). Тоют өсүмдүктөрү, картөшкө, жашылча, дан эгиндери айдалат. Мал чарбасы эт-сүт багытында. Чочко жана канаттуулар комплекстери өнөр жайлуу борборлорду жабдууга багытталган. Республикада Европанын түндүгүндөгү бугулардын жалпы санынын 1/3и асыралат.

Темир жолунун узундугу 1,7 миң км, автомобилдики 5,7 миң км (асфальтталган), суу жолунуку 4,1 миң км. Печора, Вычегда дарыясында кеме жүрөт. Куур транспорту да өнүккөн (нефть трубасы 1,7 миң км, газдыкы 3,6 миң км). Ири порттору: Печора, Емва, Вуктыл.

Россия Илимдер академиясынын Урал бөлүмүнүн илимий борбору, 510 мектепке чейинки жана 503 жалпы билим берүүчү мекемелер, 55 башталгыч жана орто окуу жайы, 27 Жогорку окуу жайлары, 5 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, 21 музей, 4 китепкана бар. Республикада «Красное знамя», «Республика», «Молодёжь Севера» жана «Коми му» (1919, коми тилинде) жана райондук гезиттер чыгат. Туризм өнүгүүдө. Негизги сырткы соода шериктештери: Нидерланд, Германия, Финляндия, Швеция, Австрия, Улуу Британия, Латвия, Украина жана Польша.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү