Вьетнамдагы август революциясы(1945)

Вьетнамдагы август революциясы(1945) - Вьетнамда колониячылардын үстөмдүгун кулатып, феодалдык, монархияны жойгон жанa элдик-демократиялык бийлик орноткон революция. Вьетнамдагы август революциясы француз колониячыларга жана жапон баскынчыларына каршы күрөшкө көтөрүлгөн Вьетнам элинин улуттук-боштондук кыймылынын натыйжасы болгон.

Инди-кытай компартиясынын [[[1951]]-жылдан Вьетнам эмгекчилер партиясы (ВЭП) 1 Борб. комитетинин чечими боюнча 1941-ж. 19-майда өлкөдө Вьетнамдын патриоттук күчтөрүнүн бирдиктуү улуттук-бошт. фронту түзүлгөн. 1944-ж. 22-декабрда Каобанг провинциясында (Түн.-Чыгыш Вьет­нам) Вьетнамдын азаттык армиясы уюштурула баштап, 1945-ж. 4-июнда Түн. Вьетнамдын 6 провинциясынын анмагында Азаттык району түзулгөн. ИККПнин чакырыгы боюнча 16—26-августта бүткүл өлкөнүн эли көтөрүлүшкө чыккан.

19-августта көтөрүлүш өлкөнүн борбору Ханойдо жеңип чыгып, эл бардык жерде бийликти өз колуна алган. 24-августта император Бао Дай тактан баш тартууга аргасыз болгон. 1945-ж. 2-сентябрда Ха- нойдогу (Бадинь аянты) митингде Хо Ши Мин Убактылуу өкмөт атынан Вьетнамдын көз карандысыздык Декларациясын жанa Вьетнам Демок­ратия Республикасынын түзүлгөнүн салтанаттуу жарыялаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.