Феодализм түшүнүгү 18-кылымда Француз революциясынын (1789–94) алдында жаралып, «Эски тартип» (чексиз монархия, дворяндардын бийлиги) дегенди түшүндүргөн. Марксизм окуусунда феодализм капитализмдин жаралуусун шарттоочу кул ээлөөчүлүк доордон кийинки формация катары каралат. Азыркы мезгилдеги тарых илими феодализмди, айрым белгилери дүйнөнүн башка региондорунан кездешсе да, Батыш жана Борбордук Европада гана орто кылым доорунда өкүм сүргөн социалдык система катары анализдейт.

Феодализмдин негизин коомдогу вассалдар менен сеньёрлор, дыйкандар менен ири жер ээлери ортосундагы мамилелер аныктайт. Феодализмге рыцардык аскер уюму жана мыйзам тарабынан бекемделген уруулук юридикалык теңсиздик мүнөздүү. Феодализмдин идеологиялык-ыймандык негизин орто кылымдын маданиятын аныктап турган христианчылык түзгөн. Кыргыздар феодализмдин өнүккөн классикалык формасын басып өткөн эмес. Кыргыздарда патриархалдык-феодалдык, патриархалдык-уруучулук коом өкүм сүргөн.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабият түзөтүү

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанканов”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү