Богородицкий Василий Алексеевич

В. А. Богородицкий‎»‎ барагынан багытталды)

Богородицкий Василий Алексеевич (07(19).04.1857-23.12.1941) - советтик тилчи. Казань университетинин профессору жана ССРС ИАнын мүчө-корреспонденти. (1915).

Богородицкий - Бодуэн де Куртенэнин шакирти. Ал негизинен жалпы тил илими, эксперименттик фонетика, индоевроп. тилдердин салыштырма грамматикасы, орус, славян, балтика, роман, герман жана түрк тилдери боюнча изилдөөлөр жүргүзгөн. Богородицкий 1-болуп адамдардын сүйлөөсүндөгү үндөрдү эксперимент жолу менен изилдеп чыгып, Россияда (Казань университетинде) эксперименттик фонет. лабораториясын негиздеген. "Орус тилиндеги басым түшпөгөн үндүүлөр" (1884), "Орус адабий сүйлөө речине карата колдонулган эксперименттик фонетиканын курсу" (1917), "Орус тилинин фонетикасы" (1930), "Орус грамматикасынын жалпы курсу" (1935) деген илимий эмгектердин автору.

Ал "Татар жана түрк тил илимине киришүүдөгү этюддар" (1933), "Түрк тилдерине байланыштуу татар тилинин кириш бөлүмү" (1934), "Татар тил илиминин илимий маселелери жөнүндө" (1935) ж. б. эмгектери менен түрколог катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.