Габсбургдар - 1282-1918-ж. Австрияда, 1526-1918-ж. Чехияда жана Венгрияда (1867-жылдан Австрия-Венгрияда), 1516-1700-ж. Испанияда жана ага караган аймактарда бийлик жүргүзгөн династия; «Ыйык Рим империясынын» императорлору (1742-45-жылдардан сырткары 1438-1806-ж. туруктуу башкарып келген). Габсбургдар тукуму Жогорку Эльзастагы Гунтрам Богатыйдан (10-кылымдын ортосу) таркалган деп болжолдонот. 1090-жылдан габсбургдар графтар, 1135-жылдан Ортоңку Швейцариянын ландграфтары титулун алышкан (1020-ж. Швейцариянын Ааргау жеринде Habsburqсе пилин курушкан, династия ушундан улам аталган). Карл Vнин учурунда (16-кылымдын башында) эбегейсиз зор аймактар (Германия, Австрия, Нидерланд, Италиянын бөлүгү, Испания жана анын Америкадагы колониялары) Габсбургдар бийлигине баш ийишкен. 1556-жылдан кийин габсбургдар австриялык жана испаниялык деген эки бутакка бөлүнүп кеткен. Габсбургдардын эң акыркы өкүлү Карл I Австрия-Венгрияны бийлеп турган (1916-18) учурда Австрия-Венгриянын 1-дүйнөлүк согушта жеңилүүсү жана бурж. рев-янын жеңип чыгышынан улам ал тактыдан баш тарткан. 1919-ж. 3-апрелде Австриянын Уюштуруу чогулушу тарабынан кабыл алынган габсбургдарды бардык укуктарынан ажыратуу, алардын мүлкүн конфискациялоо жана Австриянын аймагынан чыгарып жиберүү тууралуу мыйзамдын негизинде габсбургдар тактан ажырап (1918), монархия кулаган. Белгилүү өкүлдөрү: Карл V, Филипп II, Мария Терезия, Иосиф II, Франц Иосиф I.

Колдонулган адабияттарОңдоо