Гавана декларациялары
Гавана декларациялары Биринчи Гавана декларациясы 1960-ж. 2-сентябрда Гаванада Куба элинин 1-Улуттук ген. ассамблеясында кабыл алынган.
Бул Декларация 1960-ж. августта Америка мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлклөрдүн тышкы иштер министрлеринин консультативдик 7-кенешмеси кабыл алган «Сан-Хосе декларациясына» кубалыктардын жообу болгон (ал кеңешмеде Куба революциясына карты АКШнын агрессиясын актоо далалаты жасалган).
Гавана декларацияларында амер. империализмдин Латын Америка элдеринин ички ишине кийлигишүүсү айыпталган. Экинчи Гавана декларациясы Америка мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин консультативдик 8-кеңешмесинин (1962-ж. янв., Уругвай. Пунтадель-Эсте) Кубаны ал уюмдан чыгаруу жөнүндөгү декларацпясына жооп претинде 1962-ж. 4-февралда Куба элинин 2-Улуттук ген. ассамблеясында кабыл алынган. Анда Латын Америка элдери Кубадан улгу алый жатканынан АКШнын импер. чөйрөлөрүнүн чочулашы Куба революциясына каршы заговорго себеп болуп отурат деп айтылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.