Империализм (лат. imperium) – бийлик.
1. кеңири маанисинде – бир мамлекеттин күч колдонуусунун жардамы менен башка мамлекеттин аймагын кошуп алууга багытталган саясаты. Каратылып алынган өлкөлөрдү (колония) башкарууда үстөмдүк жүргүзгөн мамлекет (метрополия) мажбурлоо, диктаторлук режимге негизделген башкаруу системасын орноткон;
2. тар маанисинде – 19-кылымдын аягы –20-кылымдын башындагы «бөлүнгөн дүйнөнү кайрадан бөлүштүрүүгө» багытталган европалык державалардын арасындагы жаңы колониялар үчүн башталган күрөш мезгилине таандык дүйнөлүк тарыхтын бөлүгү менен байланыштырылат. Дал ушул мезгилде англиялык экономист Джон А. Гобсон алгач империализм терминин колдонууга киргизген;
3. В. И. Ленин империализмди –капитализмдин жогорку, акыркы баскычы катары мүнөздөйт. Империализмдин мүнөздүү белгилери катары – ири монополиялардын түзүлүшү, банк капиталы менен өнөр жай капиталынын биригип, финансы капиталын жана финансы олигархиясын түзүшү. Ошондой эле империализм капиталисттик мамлекеттердеги төмөнкү таптарды эксплуатациялоонун жана эл аралык аренада дүйнөнү бөлүштүрүү үчүн күрөштүн күчөшүн мүнөздөгөн, капитализмдин өнүгүүсүндөгү жогорку баскыч катары каралган;
4. 19-к. 30-ж. Европада «Империалисттер» термини алгач Францияда пайда болгон. Наполеон империясынын жактоочуларына карата айтылган. Кийинки мезгилде Британия ж. б. өлкөлөрдүн колониалдык экспансиясынын натыйжасында, «Империализм» «колониализм» термининин синоними катары колдонулууга өткөн.


Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.