Гава-Сай
Базар-Коргон районундагы суу.
Кара-Үңкүрдүн оң куймасы.
Узундугу 26 км, алабынын аянты 137 км².
Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1800 м.
Бабаш-Ата тоосунун түштүк-батыш капталынан агып түшөт.
Тоолу капчыгайдан өткөн жери Шарап деп аталат; ортоңку бөлүгүндө токойлуу өрөөн аркылуу агып, Кара-Үнкүргө куя берген жери куушураак келет.
Эки куймасы бар.
Жылдык орточо чыгымы 0,95 м³/сек, эң көбү апрель –
майда, эң азы январь – февралда байкалат.
Сугатка пайдаланылат.
Жээгинде Гава, Сөгөт, Сасык-Булак, Кыргыз-Гава ж.б. кыштактар жайгашкан.
Колдонулган адабият
түзөтүүКыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.