Бабаш-Ата кырка тоосу - Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш бөлүгү. Унтама, Алаштоо, Ангырактоо массивдеринен турат. Батышынан Нарын д., чыгышынан Карүңкүр (Кара-Үңкүр) суусунун алабы, түштүгүнөн Фергана өрөөнү менен чектешет. Орто бийиктиги 3480 м, эң бийик жери 4427 м, Вебер чокусу. Узундугу 70 км, туурасы 25 км. Түндүк-чыгышы түштүк-батышынан бийигирээк, зоокалуу чокулары мөңгүлүү; Түштүкбатыш жагы жапызыраак. Каптал беттери аскалуу, шагыл таштуу жана урандылуу. Түзүлүшү боюнча горст-моноклиналь. Палеозойдун сланец жана акиташ тектеринен түзүлгөн. Кышы узак, суук, жайы салкын. Жылдык жаан-чачыны 500-800 мм.

Алаштоодогу кайкыда саздар жана башаттар көп. Майлуу-Суу, Кара-Уңкүр, Кайынды жана башка суулар Бабашатадан башталат. Кырка тоонун түштүк, түштүк-чыгыш капталдарына кургак талаа (800-1000 м), талаа жана шалбаалуу талаа (10001700 м), токой, бийик чөптүү шалбаа (1700-2800 м), субальп (2800-3000 м), альп шалбаасы (3000-3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден өйдө); Түндүк-батыш капталдарына талаа (1000-1700 м), шалбаалуу талаа жана шалбаа (1700-3000 м), субальп жана альп шалбаа (3000-3500 м), гляциалдык-нивалдык (3500 мден жогору) ландшафт алкактары мүнөздүү. Алма, алча өңдүү жапайы дарактар, жаңгак токою (Арстанбап, Кызылүңкүр өрөөндөрүндө) жыш. Малга жайлуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү