Гава-Сай (Сыр-Дарыянын оң куймасы)

Ала-Бука районундагы суу, Сыр-Дарыянын оң куймасы.
Узундугу 96 км, алабынын аянты 724 км².
Чаткал кырка тоосунун түштүк капталынан башталат. Жогорку бөлүгүндө терең жана кууш капчыгай аркылуу агып, Гава кыштагына жеткенде тектирлүү жайык өрөөнгө өтөт. Эски-Абад кыштагына жакын салааларга бөлүнөт. Апрелде кирип, августта тартылат.
Жылдык орточо чыгымы 6,02 м³/сек, эң көбү 20,2 м³/сек, эң азы 1,35 м³/сек.
Сугатка пайдаланылгандыктан Сыр-Дарыяга жетпейт.

Колдонуган адабият

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.