Гава мөңгүсүИчки Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү. Борколдой кырка тоосунун түндүк капталында. Узундугу 4,4 км, аянты 5,1 км2. Чакыркорумдун алабында. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4880 м, этеги 3840 м бийиктикте жатат, кар чегинин бийиктиги 4290 м. Абляция облусунун аянты 2,4 км2. Мөңгүдөн агып чыккан суу Карасуу (Чакыркорумдун оң куймасы) өзөнүнө куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү