Газдардын кинетикалык теориясы
Газдардын кинетикалык теориясы — теориялык физиканын газ молекулалардан турат жанa алардын өз ара аракеттенишинде белгилүү закон ченеми болот деген түшүнүктүн негизинде газдардын касиеттерин статистикалык метод менен изилдөөчү бөлүгү.
Газдардын кинетикалык теориясы газдардагы тең салмаксыз процесстеринин теориясы жана анын закондору газдар, алардын аралашмасы жана плазма да колдонулат.
Газ молекулаларынын же атомдорунун жылуулук кыймылы катуу нерсенин ж-а суюктуктун молекулаларынын (атомдорунун) жылуулук кыймылынан башкача. Газ молекулалары эркин кыймылдайт. Газдардын кинетикалык теориясында басым, диффузия, жылуулук өткөргүчтүк ж. у. с. чондуктар изилденүүчү көлөмдөгү бардык газ молекулаларынын жыйынтыктоочу кыймылынын орт. мааниси катарында каралат. Газдардын кинетикалык теориясыньш негизги милдети — газ абалын мүнөздөгөн кубулуштардып (бөлүкчөлөрдүн ылдамдыктары. диффузия, илээшкектик, жылуулук өткөргүчтүк коэффициенттери) орт. маанилерин аныктоо.
Булактар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.