Галактиканын көзөмөлчүлөрү

"Галактиканын көзөмөлчүлөрү" (англ. Guardians of the Galaxy, орус. Стражи галактики) ( "Галактиканын көзөмөлчүлөрү-1" деген аталышы бар) - Marvel Comics каармандарына негизделип 2014-жылы тартылган америкалык супер баатыр тасма. Тасманын режиссеру Жеймс Ган, Никол Перлман менен биргеликте тасманын сценарийин жазышкан. Ал эми тасмада Крис Претт, Зои Салдана, Дэйв Баутиста, Вин Дизел, Бредли Купер, Ли Пейс, Майкл Рукер, Карен Жиллан, Жимон Хунсоу, Жон С. Рейли, Гленн Клоуз жана Бенисио дел Торо тартылышкан. "Галактиканын көзөмөлчүлөрүндө", Питер Куилл, күчтүү артифактты уурдагандан кийин качып кеткен жерде болбогон жолу болбостордун тобун түзөт.

Тасманын бет ачаары 2014-жылы, 21-июлда Голливудда өткөрүлгөн. Андан кийин 2014-жылы, 1-августтан баштап Кошмо Штаттардагы кинотеатрларда 3D жана IMAX 3D форматтарында көрсөтүлө баштаган. Тасма сын-пикир жагынан да, киреше жагынан да ийгилик жараткан. Ошондой эле , дүйнө жүзү боюнча 773.3 миллион АКШ долларын табуу менен 2014-жылдын эң көп кирешелүү супер баатыр тасмасы атыккан. Өзгөчө тасмадагы тамаша, экшн, саундтрек, визуалдык эффектилер, режиссерлук иш, музыка жана аткаруу иштери мактоого арзыган. Тасманын уландысы "Галактиканын көзөмөлчүлөрү 2" 2017-жылдын 5 майында чыгуусу күтүлүүдө, ал эми "Галактиканын көзөмөлчүлөрү-3" пландалууда.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү