Галдан-Бошокту Хан
Галдан Бошокту (монг Галдан-Бошигт хаан;орус маалыматтарында Голдан, Калдан, Кегень-кутухта; 1644-13.3.1697) - Жуңгар (ойрот) хандыгынын ханы (1671-1697).
Эрдене Батур коңтаажынын он уулу болуп, Волга жээгиндеги калмак ханы Өрүлүктүн (Хо-Урюлук) Умагач деген кызынан Сенге менен Галдан Бошокту туулган. Эмчи Габан-Шарабтын маалыматы боюнча тирүү кезинде Батур коңтаажы хандыгын экиге бөлүп, бирин Сенгеге, калганын сегиз уулуна энчилеген. Галдан жаш кезинде Тибеттеги диний монастырга жеткирилгендиктен, хандык мурастан кур калган. Көп өтпөй Далай-Ламанын колунан кутукты (кечилдин бир даражасы) наамын алган. 1670-ж. Чечен (Цецен) тайшы башында турган бир туугандары Сенгени өлтүргөндөн кийин, Далай-Ламанын уруксаты менен кечилдик кызматын таштап, Жуңгарияга кайткан. Агасын өлтүрүүгө катышкан бир туугандарын жазага тартып, 1671-ж. бийликти өз колуна алган. 1676-1677-ж. Чыгыш Жуңгариядагы Сокур (Чохур), Көчүрдү (Очирту Чечен хан) тайшылардын колун талкалап, 1678-1679-ж. Галдандын аскери Чыгыш Түркстан жана Сыр-Дарыянын жээгине чейин жеткен. 1679-ж. Далай Ламанын колунан “Бошокту” (“бейпил”, “берекелүү”) деген наам алып, тарыхта “Галдан Бошокту хан” деген ат менен таанылып калган. “Тарих-и Амнийа”нын автору Молдо Муса бен Молдо Айса – кожо Сайрами боюнча 1680-ж. Галдан Бошоктунун аскери Ташкентти чаап, 1684-ж. Орто Азияга кайрадан жүрүшкө чыккан. Сайрам шаары толук талкаланган жана тирүү калгандын баары туткунга алынып, Жуңгарияга айдалып кеткен. 1688-ж. Галдан Бошокту башында турган калмактар Халхага жетип, Тушету хандын ээлигин өзүнө караткан. 1690-жылдан Цин империясы менен мамилеси курчуп чыккан. 1690-1697-ж. Олокой көлү ж. б. сыяктуу бир нече жолку салгылашуулардан кийин Төрөлжү суусунун боюнда цин аскеринен жеңилип, катуу оорудан (кээ бир маалыматтарда уу ичип) каза болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Митиров А.Г. Ойраты-калмыки: века и поколения. - Элиста: Калм. кн. изд-во, 1998.
- Златкин И. Я. История Джунгарского ханства. — М., 1964, 1983.
- Кычанов Е. И. Повествование об ойратском Галдане Бошокту-Хане. — Новосибирск, Наука, 1980.