Гален фигурасылогика боюнча адабияттарда кээде жолугуучу жөнөкөй чечкиндүү силлогизмдин төртүнчү фигурасынын аталышы.

Мисалы: бардык жылдыздар өз жарыгы менен жарыктанат; Өз жарыгы менен жарыктанган бардык асман телолору планета эмес;

Бир дагы планета жылдыз эмес. Ушул фигура жана анын беш модусу (түрү) б. з. ч. 3-кылымда эле Аристотелдин окуучусу грек философу Теофраст тарабынан ачылган. Бирок Теофраст өзү силлогизмдин төртүнчү фигурасын ачкандыгын билген эмес. Ал өзү ачкан беш модус биринчи фигуранын модустары деген чечимге келип, ошондуктан аларды мурда белгилүү болгон биринчи фигуранын төрт модусуна кошуп койгон (кара: Жөнөкөй чечкиндүү силлогизмдин биринчи фигурасы).

Б. з. ч. 2-кылымда Клавдий Гален ушу беш модусту өз алдынча силлогизмдин төртүнчү фигурасына бөлгөн деген божомол (Ибн Рушддун күмөндүү күбөлүгүндө бул жөнүндө кабарлаган) айтылып, ошондон бери Гален фигурасы деп аталып калган. Логиканын тарыхчысы Я. Лукасевичтин пикири боюнча, төртүнчү фигура Гален тараптан ачылган эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү