Гальванотехника - (галъвано...жана техника) колдонмо электрхимиянын бир тармагы; электролиздин натыйжасында металл жана металл эмес буюмдардын бетине электролиз жолу менен металл катмарын каптоо. Ага гальваностегия (каптоонун калыңдыгы 5-50 мкм, абдан бекем жабышкан) жана гальванопластика (кыйла калың келип, оңой ажыроочу катмар) кирет. Гальваностегия буюмду коррозиядан сактоо, бышыктыгын арттыруу, жалтыратуу, электр өткөргүчтүгүн, температурага чыдамдуулугун жогорулатуу жана кооздоо жана башка үчүн колдонулат. Гальванопластика металлдын бетиндеги өтө майда сүрөттүн, рельефтин так көчүрмөсүн алууга мүмкүндүк берет. Экөөндө тең каптоо бекем, майда бүртүкчөлүү, жылмакай ачык же жалтырак болушу керек. Буюмдун бети жабуудан мурун майлуу кирден жана оксиддерден тазаланып, жылмаланат жана жуулат. Гальваностегияда жабуу бекем болуш үчүн буюмду электролит ваннага салуудан мурда атайын эритмеде активдештирет. Электр менен чөктүрүү туруктуу ток менен жүргүзүлөт. Капталуучу буюм катод, ал эми катоддон бөлүнгөн металл аноддун кызматын аткарат. Электролит катары катоддон бөлүнгөн металлдардын туздарынын эритмелери колдонулат. Ага буфердик касиет берүүчү заттар кошулат жана ал электр өткөргүчтүгүн жогорулатат, жабдылган катмардын текши калыңдыкта болушун камсыз кылат. Г-нын теор. негизин жана колдонмо ыкмасын орус окумуштуусу Б. С. Якоби 1838-ж. ачкан. Гальваностегия автомобиль куруу, авиация, радиотехникалык жана электрондук өнөр жайда, ал эми гальванопластика полиграфияда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү