Гальченко Иван Петрович - (21. 7. 1880, Полтава губ. 6. 8. 1971, Фрунзе) сүрөтчү, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1955). Москвадагы живопись, ийчилик жана архитектура окуу жайын бүтүргөн (1914). Чыглыгын театр сүрөтчүлүгүнөн баштаган. 1936-ж. Кыргызстанга келип, улуттук сүрөтчүлөрдү тарбиялоого жана кыргыз сүрөт искусствосун өнүктүрүүгө активдүү катышкан. Гальченко пейзажист жана живописчи. Негизги чыгармалары: «Чоң Чүй каналынын курулушу», «Кечки пейзаж», «Кыргызстандын түштүгүндө», «Аламүдүн суу сактагычы» жана башка Бул сүрөттөрүндө жаңырган кыргыз жергесинин сулуулугун жана эмгек каармандарын чагылдырган. Чыгармалары Кыргыз көркөм сүрөт искусствосу музейине коюлган. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү