Ганонис
Ганонис – антик скульптурасынын техникасында – мрамордун түсүн өзгөртпөгөн, бирок бир аз жалтыраткан түс берген, статуянын үстүнө жаткырылган мом катмары. Г. скульптуранын жылаңачталган денесине таандык бөлүктөрүндө гана колдонулган. Г-тин максаты статуянын мом боёктору менен боёлгон бөлүктөрүн мрамордун боёлбогон үстүңкү бети менен бириктирүү (жана мраморду ар кандай зыяндуу атмосфералык таасирлерден сактоо) болгон.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|