Гапаров Мурза

(Гапаров, Мурза барагынан багытталды)
Гапаров Мурза
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Гапаров Мурза
Туулган жылы: 22-март 1936-жыл
Өлгөн жылы: 2002-жыл
Туулган жери: Нойгут айылы, Ноокат району, Кыргызстан
Өлгөн жери: Бишкек шаары, Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, драматург, кинодраматург
Наамдары:

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер

Гапаров Мурза (22-март 1936-жыл, Ноокат району – 2002-жыл, Бишкек шаар) — жазуучу, прозаик, драматург, кинодраматург. 1936-жылы 22-мартта Ноокат районундагы Нойгут айылында туулган. 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценардык курсунун угуучусу болгон.

ТарыхыОңдоо

Эмгек жолун колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1957-жылы геологиялык чалгындоо партиясында жумушчу, 1962-жылы мугалим, 1963-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинин редактору, 1968-жылы «Кыргызтелефильмдин» редактору, 1970-жылы Кинематографисттер союзунун кеңешчиси, 1974-жылдан Ош шаарындагы Кыргыз драмтеатрында адабий бөлүмдүн башчысы, 1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчиси, 1987-жылдан «Кыргызфильмдеги» сценардык мастерскойдун мүчөсү болгон.

Чыгармалары 1950-жылдары жарыялана баштаган. 1963-жылы «Мейман» аттуу повести өзүнчө жарык көргөн. «Тагдыр чечүүчү түн» (1975), «Дарыялардын шоокуму» (1979), «Биздин үйдүн Карлсону» (1983) пьесалары, «Күнөстүү арал», «Бул жаман эмес», Р.Ибрагимбеков менен бирге «Көчө», «Квартирант», «Бабалар өрөөнү» толук метраждуу көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору.

Академик К.Юдахин жана З.Кайназарова жөнүндө документалдуу фильмдердин жана ондон ашык хроникалык-документалдык фильмдердин сценарийлеринин автору.

1971-жылдан СССРдин Кинематографисттер союзунун, 1974-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.

2002-ж. чейин чыг-лык ишке байланышы бар ар түрдүү кызматтарда эмгектенген. Чыгармачылык жолу 50-жылдары башталган. Гапаровдун алгачкы аңгемелери “Сырдуу окуя” (1956), “Бөтөн таканын изи” (1958) жазуучулук кесипке багыт алгандыгын белгилөөчү фактылык маалымат катары, ал эми анын алгачкы “Мейман” (1962) аттуу жыйнагы жазуучунун кыргыз балдар адабиятына кошкон кичине салымы, “чоң турмушка” аралашаар алдындагы старт аянтчасы катары карасак болот. Жазуучунун жеке өзүнө таандык индивидуалдуу чыгармачылык чыйырынын чыныгы башталышы – бул анын “Турналар жазда келишет” (1962) аңгемеси. Аңгеменин сюжети башкы каармандар Азиз менен Разиянын диалогунун негизинде курулган. Алар бактылуу балалыктын, алгачкы сүйүүнүн, алгачкы таарынуу менен алгачкы жаңылуунун “изи” калган өзүлөрүнүн өткөн чыйыр жолун эскеришкен. Аңгемедеги үйдөн мектепке чейинки чыйыр жол бара-бара ойку-кайкы турмуш жолунун символикалуу образына айланган. “Турналар жазда келишет” повестиндеги Азиз менен Разия сыяктуу жаркын мүнөз, романтикалуу табияттагы каармандарды жазуучунун кийинки чыгармаларынан да кеңири учуратабыз. Алар “Кара-Көлдүн каздарындагы” уккан “кишинин жүрөгүн туйлатып, аны кыялданууга, өткөн өмүрүнүн жакшы учурларын эстөөгө чакырчу” чоор күүсүн ойноочу Карамшо абышка; “Дарыянын шоокумундагы” Ормон, Дервиш жана башкалар Адамдарга жакшылык кылууну жашоосунун маңызы деп түшүнгөн дагы толуп жаткан каармандар.

Гапаровдун жазуучулук манерасына курулай дидактизм, акыл-насаатчылык мүнөздүү эмес. Адамдын психологиялык абалын сүрөттөө жагынан Мырза Гапаров чоң чебер. Ал окуяга кызыкпайт, анын аңгемелеринин негизин адамдын маанайы, ички дүйнөсүндөгү кубулуш, ал-абалын түзөт. “Кара-Көлдүн каздары” аңгемесинде жазуучу Карамшо аттуу карыянын муңайым бир кечин сүрөттөйт.

Гапаровдун романтикалуулук менен реалдуулукту өтө ийкем жуурулуштуруп, чебер пайдалануусунун натыйжасында аңгемедеги максаттуу жашоо кызыкчылыгынан кечкен карыянын кунарсыз жашоосунан да керемет кооздукту көрө алабыз. Абышка романтикалуу чыгыш поэзиясындагы ак сүйүүнүн азабынан жер кезип тентип кеткен дербиштердин элесин эске салат. Ушундай эле 1963-ж. жарык көргөн “Эки ирет гүлдөөчү алмалар” аттуу аңгемесинде да мүнөздүү. Мында ата-энеси ажырашып кеткен Сардал аттуу баланын мурдагы бактылуу турмушуна, жылына эки ирет гүлдөгөн алма багы бар өз үйүнө болгон кусалыгы сүрөттөлгөн. Ошондой эле 1963-ж. жарык көргөн жазуучунун “Газала” (“Карача торгой”) “Унутулган сокмо жол” аңгемелери, “Наташанын биринчи балы” (1966), “Байчечек” (1980), “Жол кырсыгы” (1980), “Айгүл тоо” (1985) аттуу мыкты аңгемелери бар. Жетимишинчи жылдар Мырза Гапаровдун чыгармачылыгындагы повесть жана киноповесттердин он жылдыгы болду. Жазуучу 1965–1967-жылдары Москвадагы Жогорку сценарийдык курстун угуучусу болгон. 1968-жылы “Көчө” аттуу киносценарийин жазат. Киносценарийдин негизинде көркөм фильм тартылган. Мындан кийин анын “Сүйүүнүн кайыгы” (1970), “Күнөстүү арал” (1973), “Кызыл беде” (1978), “Нойгуттун кызын издеп” (1983), киноповесттери жана “Кыштакча” (1973), “Дарыялардын шоокуму” (1979) аттуу повесттери жазылды. 1974–1984-ж. Ош областык драма театрдын адабий бөлүм башчысы болуп эмгектенет. Кызмат абалына жараша театр искусствосуна жакындан аралашып, анын спецификалык өзгөчөлүгүн тереңдеп өздөштүрүүгө туура келет. Театрдын репертуарын жаңылоо, толуктоо ниетинде жазуучу “Сүйүүнүн кайыгы” (“Кадыр түн”), “Күнөстүү арал”, “Дарыялардын шоокуму” повесть, киноповесттерин сахнага ылайыктап иштеп чыккан. 80- жылдары Гапаров драматург катары “Биздин үйдүн Карлсону”, “Разияны эскерүү”, “Жамгырлуу түндүн жомогу”, “Чагылгандын ташы”, “Темир корук”, “Туздуу чөл” аттуу пьесаларын жараткан. Жазуучунун драмалык чыгармаларында да, албетте, анын жалпы чыгармачылыгына таандык идеялык эстетикалык табиттин катышы сөзсүз. Автордун кийинки, кайра куруу мезгилинде жазылган “Темир корук” (1987), “Туздуу чөл” (1999) драмалары өз учурунун курчуган көйгөйлүү проблемаларын чагылдырууга арналган. Анда адамдардын бири-биринен жатыркоосу, кайдыгерлик, паракорлук сыяктуу көрүнүштөр көркөм чагылышка ээ болгон. Бирок мында да автордун оптимисттик, гуманисттик ишеними үстөмдүк абалда. “Туздуу чөлдүн” Дамин, Рабия сыяктуу каармандары өздөрүнүн соопчулук мүнөздөгү иштери менен жан дүйнөсү жабыркап катаал тарткан, ишенимин жоготкон адамдарга жакшылык жасап, жардам көрсөтүп, кароолонуп калган адамгерчиликтин билигин тазалап, жарык кылгылары келет. Жыйынтыктап айтканда, Гапаров көркөм сөз зергери катары чыгармаларын идеялык-эстетикалык жактан ийине жеткирип иштөө үчүн көп эмгек эткен, кыргыз адабиятында бараандуу орду бар жазуучуларыбыздын бири.

Кыскача таржымалыОңдоо

Мурза Гапаров 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1965–1967-жж. Москвадагы Жогорку сценардык курсунун угуучусу болгон.
Эмгек жолун колхозчу болуп иштөөдөн баштап, 1957-жылы геологиялык чалгындоо партиясында жумушчу;
1962-жылы мугалим;
1963-жылы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинин редактору;
1968-жылы «Кыргызтелефильмдин» редактору;
1970-жылы Кинематографисттер союзунун кеңешчиси;
1974-жылдан Ош шаарындагы Кыргыз драмтеатрында адабий бөлүмдүн башчысы;
1984-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ысык-Көл облусу боюнча кеңешчиси;
1987-жылдан «Кыргызфильмдеги» сценардык мастерскойдун мүчөсү болгон.
Чыгармалары 1950-жылдары жарыялана баштаган.
1963-жылы «Мейман» аттуу повести өзүнчө жарык көргөн.
1971-жылдан СССРдин Кинематографисттер союзунун, 1974-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Грамотасы менен сыйланган.

ЧыгармаларыОңдоо

«Тагдыр чечүүчү түн» (1975)
«Дарыялардын шоокуму» (1979)
«Биздин үйдүн Карлсону» (1983) пьесалары,
«Күнөстүү арал»
«Бул жаман эмес»
«Көчө» (Р.Ибрагимбеков менен бирге)
«Квартирант»
«Бабалар өрөөнү» толук метраждуу көркөм фильмдердин сценарийлеринин автору.
Академик К.Юдахин жана З.Кайназарова жөнүндө документалдуу фильмдердин жана ондон ашык хроникалык-документалдык фильмдердин сценарийлеринин автору.

Жарык көргөн китептериОңдоо

Кыргыз тилинде
Мейман: Повесть. – Ф.: Кыргыз окуупедмамбас, 1963. – 63 б.
Бир шиңгил жүзүм. – Ф.: Мектеп, 1966. – 20 б.
Кара-Колдун каздары: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп, 1973. – 128 б.
Биздин жакта Арстанбапта. – Ф.: Мектеп, 1977. – 13 б.
Дарыялардын шоокуму: Повесттер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 136 б.
Кызыл беде: Повесттер жана аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 168 б.
Күнөстүү арал: Драмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 168 б.
Бир шиңгил жүзүм: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1984. – 20 б.
Жаңгак токойдун жомогу: Повесттер жана аңгемелер – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 460 б.
Жаңгак токойдун жомогу: Повесттер жана аңгемелер – Ф.: Адабият, 1989. – 280 б.
Орус тилинде
Гроздь винограда: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1959. – 20 с.
Гость: Маленькая повесть. – М.: Дет. лит., 1970. – 46 с.
Дикий гусь: Повести, рассказы. – М.: Сов писатель, 1976. – 256 с.
Ночь предопределений: Пьеса. – М.: ВААП, 1978. – 53 с.
Солнечный остров: Фантазия в 2-х действиях. – М.: ВААП, 1978. – 49 с.
Дикий гусь: Повести, рассказы. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 271 с.
Гроздь винограда: Сказка. – Ф.: Мектеп, 1983. – 20 с.
У нас в Арсланбобе: Стихи. – Ф.: Адабият, 1989. – 16 с.

Колдонулган адабияттарОңдоо