Гармоникалык термелүүлөр

Гармоникалык термелүүлөрфизикалык чоңдуктун убакыттын өтүшү менен синус же косинус закону боюнча мезгилдүү өзгөрүп термелүүсү.

Гармоникалык термелүүлөр графикте синусоида же косинусоида ийри сызыгы түрүндө сүрөттөлүп, матем. түрдө төмөнкүчө жазылат: х— =ASin (wг+ср) же x=ACos (wг+ф), х — убакыттын берилген t моментинде термелүүчү чоңдуктун мааниси, А — термелүү амплитудасы, w термелүүнүн бурчтук жыштыгы, (wг+ф) — термелүү фазасы, ф — термелүүнүн баштапкы фазасы.

Гармоникалык термелүүлөр - түрдүү формадагы тормелүүлөрдүн эң маанилүүсү.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.