Гарри Поттер жана Феникс ордени (тасма)

"Гарри Поттер жана Феникс ордени" (англ. Harry Potter and the Order of the Phoenix, орус. Гарри Поттер и Орден Феникса) — 2007-жылы жарык көргөн британ-америка тасмасы. Режиссеру Дэвид Йейтс, жайылткан Warner Bros. Pictures. Жоан Кэтлин Роулиңдин ушул эле аталыштагы романына негизделип тартылган. "Гарри Поттер" сериясындагы 5-тасманын сценарийин Майкл Голденберг (бул сериядагы Стив Кловз сценарийин жазбаган жалгыз тасма) жазган, продюсерлери Дэвид Хейман жана Дэвид Баррон. Кинотасмада Гарри Поттердин Хогвартстагы бешинчи жылы тууралуу баяндалат. Анда Сыйкыр министрлиги Лорд Волдеморттун кайтып келишине каршы чыгат.

Тасмада Дэниел Рэдклифф Гарри Поттердин образын жаратат. Аны менен кошо Руперт Гринт (Рон Уизли) менен Эмма Уотсон (Гермиона Грейнжер) Гарринин эң жакын досторунун ролдорун аткарышат. Бул тасма "Гарри Поттер жана Жалын чөйчөгү" фильминен кийин жана "Гарри Поттер жана Канзаада чалыш" тасмасынан мурун тартылган.

2017-жылдын апрель айына карата "Феникс ордени" жалпы жонунан эң көп киреше алып келген тасмалардын рейтингинде 39-орунга жайгашкан. Киносынчылардын оң баасына татыган. Кинотеатрларда көрсөтүлө баштаган алгачкы беш күндө 333 млн доллар топтогонго жетишкен. Жалпы 940 млн доллар чогултуу менен 2007-жылдагы эң көп киреше алып келген фильмдердин ичинен "Кариб деңизинин каракчылары: Дүйнөнүн соңуна" орун бошотуп 2-саптан орун алган. Тасма 2008-жылы БАФТА сыйлыгынын эки номинациясына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү