Доллар
ДОЛЛАР – $ АКШнын (АКШ Доллары), Канаданын (канада Доллары), Австралиянын (австралия Доллары) жана башка бир катар өлкөлөрдүн акча бирдиги. Доллар 100 центке бөлүнөт. АКШда долларга 1786-жылы 24 г күмүш, 34 г таза күмүш кошулган. Алтын долларга адегенде 1,6 г таза алтын кошулган, 1900-жылы ал 1,5 гга чейин, ал эми 1934-жылы 0,8886 гга чейин азайтылган. Андан кийин алтын доллар тыйындар жүгүртүүдөн алып салынган жана 1, 2, 5, 10, 20, 50 жана 100 доллар акча белгиси түрүндөгү банкноттор менен алмаштырылган.

Колдонулган адабияттар Түзөтүү
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5