Гаруа
Гаруа - Түштүк Американын Тынч океандык (Эквадор, Перу, Чили) чөлдүү жээктерине бриз менен келүүчү тыгыз, муздак туман. Бул аймактагы топурак менен өсүмдүктөрдүн ным алуусунун негизги булагы. Гаруа Түштүк жарым шарда кыш жана жаз мезгилдеринде деңиз абасынын Перу муздак агымынын таасиринен муздашынан пайда болот. Муздак деңиз агымдары чулгап туруучу жээк тилкелериндеги чөлдөрдүн климатын жалпысынан «Гаруа климаты» деп аташат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4