Ысмайыл Гаспыралы

Гаспыралы, Ысмайыл‎»‎ барагынан багытталды)

Ысмайыл Гаспыралы (Кырымтатарча: İsmail Gasprinskiy (Gaspıralı), орусча: Исмаи́л Гаспри́нский) (1851 ж. Жалган Куран айынын (Март) 21 — 1914 ж. Тогуздун айынын (Октябрь) 24) — Кырымдын зиялы азаматы, саясатчысы, агартучусу, каламгер, газет редакторы, баспахананың қуручу менен бастыгы, Түрк тилдеш калктарының бирлиги ойдун (пантүркизм) ээси болгон.

Ысмайыл Гаспыралы.

Бакчысарай шаарындагы мусулман мектебинен башталгыч билим алып, 1865-66-ж. Москвадагы кадет корпусунда окуган. 1867-70-ж. Крымдагы «3 ан жерли» медресесинде иштеген. 1872-74-ж. Парижде жашап, орус жазуучусу И. Тургеневдин секретары болгон, ошондой эле учурда Париж университетинде окуган. Кийин Египет, Түркия, Түркстанда да болгон. 1876-83-ж. Бакчысарайда шаар башчысы кызматын аткарган. 1881-ж. Россия өкмөтүяүн билим берүү системасын сынга алып, Россия империясынын мусулмандарынын рухий өсүшүнө мүмкүндүк берүүнү талап кылган («Мусулмандын ойлору, сынбаамдары жана байкоолору»), («Мысли, заметки и наблюдения мусульманина») эмгегин жарыялаган. Мусулман мектептери менен медреселерде окутуунун мазмунун өзгөртүп, аларда дин менен катар математика, география, тарых, биология сыяктуу сабактарды араб жазмасынын негизинде өз тилинде окутуу зарылдыгын белгилеген. Араб тамгаларын түрк тилдеринин тыбыштык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу керектигин сунуштаган. 1888-ж. жадиддик ыкмага өткөн мектептер менен медреселерге арналган «Баланын окутуучусу» («Ховажа субьян») аттуу биринчи окуу куралы, 1894-ж. «Түрк хрестоматиясы» («Краед турки»), 1894-ж. жаңы методикадагы «Усули Жадид» мектебинин мугалимдери үчүн педагогикалык кеңештер берилген «Мугалимдерге колдонмо» («Рехбер мугалими») окуу китептери жарык көргөн. Гаспринский өз демилгеси мененкылымдар бою келе жаткан конфессиялык мусулман дин мектептеринин ордуна (5-6 жыл бою араб же перс тилиндеги куран, хаптияк, софи ал лаяр, чаар китеб сыяктуу ыйык китептерди окутуп, бирок көпчүлүк учурда чала сабат бүтүрүүчүлөр чыккан) жаңы методдогу мектептерди ачкан. Анда арифметика, эне тили, адабият, тарых, география жана башка сабактар окулган. Көпчүлүк мусулман элдеринин алгачкы улуттук интеллигенциясынын өкүлдөрү ушундай мектептин бүтүрүүчүлөрү болгон. 1883-жылдан Россиядагы алгачкы «Тержиман» («Котормочу») мусулман гезитин чыгарууну колго алып, 30 жылдан ашуун убакыт бул гезит илим-билим, маданиятты мусулман калкынын арасына жайылтууда зор роль ойногон жана Крым, Кавказ, Татарстан, Башкыртстанда эле эмес, Индия, Египет, Иран, Ирак, Чыгыш Кытай жана башка өлкөлөргө да тараган. Россиянын четжакасындагы түрдүү элдердин каада-салты, жашоосу, ошондой эле Индия, Египет, Түркия, Франция, Англия жана башка өлкөлөрдүн турмушу, экономикасы, мад-ты тууралуу маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып турган. Гаспринский Крымда жана башка мусулман өлкөлөрүндө аялдарга билим берүү демилгесин көтөрүп чыккан жана аны ишке ашыруучу, негиздөөчүсү катары да саналат. Ал аялдар үчүн атайын «Аялдар» («Кадынлар») аттуу эмгегин, «Арстан-кыз» («Арслан кыз») повестин, «Тержиман» гезитине кошумча катары «Аялдар дүйнөсү» журналын чыгарган. Аялдар кыймылы тууралуу өз көзкарашын «Чыгыш жана Батыш аялдары» аттуу көлөмдүү макаласында чагылдырган. Аялдардын билим алуу боюнча маселелерин «Дер эль рахатские мусульмане» аттуу романында да ачып, чыгармада «сырдуу өлкөдөгү» аялдардын жашоосун мүнөздөгөн. Бул жылдары эл ичинде агартуу иштери боюнча улуу кыймыл башталып, аялдардын билим алуусу үчүн 3 млнго жакын акча топтолуп, жаңыча методдогу ондогон мектептер ачылган. 300дөй түрдүү окуу куралдары жана методикалык китептер жарык көргөн, Памирде, Ошто, Чыгыш Кытайда жана башка жерлерде сегиз «Жемиет Харилие», башкача айтканда кайрымдуулук коомдору уюшулган. Ал Түркстан аймагына эчен ирет келип, Самаркан, Ташкен, Бухара, Каракол шаарында жаңы методдогу мектептерин ачкан жана алгачкы сабактарды өзү өткөргөн. Андагы элдердин мадты, агартуусу тууралуу илимий эмгектерди, көркөм чыгармаларды жараткан. Анын таасири менен Кыргызстандын аймагында да төрт мектеп: Пишпекте «мадрасаи-иштидат», Токмоктогу «мадрасаиикбалия», Чоңкеминде «мадрасаи-шабдания» жана Караколдо Гаспринскийдин мектеби ачылган. Кыргыз элинин Тоголок Молдо, А. Чоробаев, Т. Талканбаев, Ы. Шайбеков сыяктуу биртоп көрүнүктүү өкүлдөрү ушундай мектептерден билим алып, өз доорунун алдыңкы билимдүү адамдарынан болушкан. 1906-ж. «Россия мусулмандар союзу» («Иттифак ул-муслимун») уюмунун борбордук комитетине мүчө болуп шайланган. мамлекеттик Думадагы мусулман фракциясы менен тыгыз байланыш түзүп, анын иштерине натыйжалуу көмөк көрсөткөн. Гаспринскийдин мусулман элдеринин дүйнөлүк конгрессин уюштуруу аракети жана анын жалпы мусулман калктарынын ичинде агартуучулук иштери эл-аралык кайрымдуулук актысы катары бааланып, француз илимий коомунун сунушу Англия жана Россиянын окумуштуулары тарабынан колдоого алынып, 1910-ж. Нобель сыйлыгына сунушталган. Чыгармалары: Мысли, заметки и наблюдения мусульманина. Бахчисарай, 1881; Русско-восточное соглашение, мысли, заметки и пожелания И. Гаспринского// Из наследия. Симферополь, 1881. Адабият: Губаидуллип A.К. вопросу об идеологии Гаспринского. Баку, 1929; Беннигсен A. Исмаилбек Гаспринский и русское мусульманство. Оксфорд, 1985; Машкевич A.A. Выдающийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. А., 2002. A. Кубатова.

Китeптep

түзөтүү
  • Русское мусульманство Симферополь (Aqmescit), 1881
  • İsmail Gasprinskiy ile bağlı resimler bar.Salname-i Türki (Бакчасарай, 1882)
  • Mirat-ı Cedid (Бакчасарай, 1882)
  • Hoca-ı Subyan (Бакчасарай, 1884; 3.bas. 1892; 7. bas. 1898)
  • Avrоpa Medeniyetine Bir Nazar-ı Muvazene (Бакчасарай, 1885)
  • İslâmlara dair Nizamlar ve İmtiyazlar (Бакчасарай, 1885)
  • Rusiye Coğrafiyası (Бакчасарай, 1885)
  • Eki Bahadır (Бакчасарай, 1886)
  • Qıraat-ı Türki (Бакчасарай, 1886; 2. bas. 1894)
  • Maişet Muarebesi (Бакчасарай, 1886)
  • Kolera Vebası ve Onıñ Deva ve Darusı (Бакчасарай, 1887)
  • Bahtiyar Nazım (Бакчасарай, 1889)
  • Atlaslı Cianname (Бакчасарай, 1889)
  • Medeniyet-i İslâmiye (Бакчасарай, 1889)
  • Ğaraib-i Adat-ı Aqvam (Бакчасарай, 1890)
  • Arslan Qız (Бакчасарай, 1894)
  • Mektep ve Usul-ı Cedid Nedir? (Бакчасарай, 1894)
  • Risale-i Terkip (Бакчасарай, 1894)
  • Русско-восточное Соглашение (Бакчасарай, 1896)
  • Esap. Muhtasar İlm-i Esap ve Mesail-i Esabiye (Бакчасарай, 1897)
  • Er Kün Kerek Qanunlar (Бакчасарай, 1897)
  • Reber-i İslâmiye (Бакчасарай, 1898)
  • Şarait el-İslâm (Бакчасарай, 1897)
  • Reber-i Muallimin (Бакчасарай, 1898)
  • Türkistan Üleması (Бакчасарай, 1900)
  • Mevlüd-ı Cenab-ı Azret-i Ali (Бакчасарай, 1900)
  • Beden-i İnsan (Бакчасарай, 1901)
  • İran. Resimli Mecmua (Бакчасарай, 1901)
  • Mebadi-i Temeddün-i İslâmiyan-ı Rus
  • Meşur Paytahtlar (Бакчасарай, 1901)
  • Usul-ı Edep (Şarq ve Ğarb Qaideleri) (Бакчасарай, 1901)
  • Zoraki Tabip (Бакчасарай, 1901)
  • Malümat-ı Nafia (Бакчасарай, 1901)
  • Tashih-i Aqaidden (Бакчасарай, 1901)
  • Temsilât-ı Krılof (Бакчасарай, 1901)
  • Asiyada Qomşularımız (Бакчасарай, 1903)
  • Dar ür-Rahat Musulmanları (Бакчасарай, 1906)
  • Musulman Kongressi (Бакчасарай, 1909)

Шилтемелер

түзөтүү