Калам (араб. الكلام‎‎ - «сөз») – мусулмандардын спекулятивдик догматикасы, арабдардын алгачкы философиялык окуусу. ‎‎ Калам Курандын диний догматтарын логиканын жана сөздүн жардамы аркасында талкуулаган жана бекемдеген. Ошондуктан каламды ислам схоластикасы деп атоого болот. Калам 7-кылымдын башында пайда болуп, ислам ортодоксиясынын(дининин) каршылыгына карабай, Курандагы диний постулаттарды акылдын жана илимдин жардамы аркасында негиздөө менен исламга таяныч болууну көздөгөн. Ошол кездеги араб авторлорун бири каламга төмөнкүчө аныктама берет: «Калам деп философтордун метафизикасын четке кагуу үчүн Кудайдын маңызы, анын атрибуттары жана нерселердин ислам мыйзамы боюнча жаралгандыгы тууралуу ой толгогон окуу аталат». Бул аныктама калам окуусуна карата келишпес кастыгын баса белгилейт. Антикалык философтор жана аларды алдоочуларга каршы күрөшүү менен калам диний философиялык мүнөз күткөн калам Куранды чечмелейт, болгону эле анын догматтары тууралуу логикалык ой жүгүртөт. Өз маңызы боюнча калам философиялык методго өтө жакын. Болгону эле каламды жактоочулар Куранга, ал эми философтор акыл-эске таянышат.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8