Гваделупа коммунистик партиясы

Гваделупа коммунистик партиясы (ГКП) 1958-ж. ГКПнин 1-съездинде Капстер шаарында түзүлгөн (1944-жылдын апрелинен 1958-жылдын мартына чейин Франция компартиясынын составындагы коммунисттик федерация болгон).

ГКП — тынчтык, демократия жанa социализм үчүн күрөшкөн Гваделупадагы эн беделдүү партиялардын бири. ГКП­нин 2- съезди (1961) Франция Республикасынын ичинде Гваделупага ички автономия берилиши үчүн күрөштүн саясий милдеттерин аныктады, 3- съезди (1964) автономияга жетигүүнүн жолдорун белгиледи. ГКПнин делегациялары коммунисттик жана жумушчу партиялардын эл аралык кеңешмелерине (1960, 1969, Москва) катышып, алардын документтерин кубаттаган.

Уюмдашуу принциби — демокр. централизм. Жог. органы — съезд, съезд аралыгында — БК жана БКнын Саясий бюросу. Борб. орга­ны — «Этенсель» жумалыгы.



Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.