Гвардия - байыркы убакта мамлекет башчысын же аскер башчыны кайтарган чакан отряддар. Кийинчерээк тандалма аскер бөлүктөрү да «Гвардия» деп аталган. Гвардия аскерлердин түрү катары 1-жолу Италияда (10-к.) пайда болгон. Орус гвардиясын 1696-1700-ж. Пётр I түзгөн, ал Семёновск жана Преображенск лейб-гвардия полкторунан турган. Кийинчерээк гвардиялык бирикмелер түзүлүп, 1918-ж. жоюлган. СССР убагында гвардия ардактуу наам, согушта өзгөчө эрдик көрсөткөн бөлүктөргө жана бирикмелерге берилген. Гвардиялык бөлүктөргө, кошуундарга, бирикмелерге өзгөчө гвардиялык туулар, кемелерге аскер-деңиз туулары тапшырылган. Тынч убакта аскер бөлүкчөлөрүн гвардиялык кылып кайрадан өзгөртүү жүргүзүлбөйт, кыскасы Улуттук гвардия.

Колдонулган адабияттар түзөтүү