Гватемалалыктар - эл, Гватемаланын негизги калкы. Жалпы саны 12,0 млн киши (2006). АКШ, Мексика, Белизде да жашашат. Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, протестанттар да бар. Гватемалалыктардын этностук негизин испан-индей аргындары ладино, испан креолдору түзгөн. 16-кылымда испан колониячылары Гватемаланы басып алып, көптөгөн урууларды кырган жана колониясына айландырган. 1821-ж. республика түзүлгөндөн кийин, гватемалалыктардын калыптануу процесси аяктаган. Испан тилдүү элдер өлкөнүн түштүкчыгышындагы экономикасы өнүккөн райондордо, ири шаарларда жашап, өнөр жайларда иштесе, кедей (жери аз же жери жок) катмарлары (ладино) жерлерди ижарага алып жана плантацияларда жалданып иштешкен. Гватемалалыктарда колөнөрчүлүк өнүккөн. Кездеме токуп, бетине көчөт түшүрүлгөн оймо-чиймелүү карапа, таштан, сөөктөн, үлүл кабыктарынан түрдүү буюмдарды жасашкан. Гватемалалыктар дыйканчылык менен кесиптенип, дубалы камыш, адобадан тургузулуп, сырты ылай менен шыбалган, чатыры саман, пальма жалбырагы менен жабылган алачыктарда, жер үйлөрдө, колунда барлары кыштан салынган чатырлуу үйлөрдө жашашкан. Гватемалалыктардын улуттук кийимдеринде испан жана индейлердин кийимдеринин айкалышкан элементтери кездешет. Тамак-ашы негизинен эт, ун азыктары, андан ичкери маис унунан бышырылган нан, ашкабак, төөбуурчактан даярдалган тамак, сууга маис уну же бал кошулуп даярдалган суусундуктарды кеңири пайдаланышат. Гватемалалыктарда дыйканчылык, чиркөө майрамдары улуттук майрам катары майрамдалат.

Гватемалалыктар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү