Гданьск - Польшадагы шаар. Балтика деңизинин жээгинде, Висла дарыясынын боюнда жайгашкан. Гданьск воеводдугунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 462,1 миң (2006). Өлкөнүн ири порту (жылына 20 млн ò дай жүк ташылат). Эл-аралык аэропорту бар. Кеме куруу, электр-техникалык, химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, деңиз музейи, театрлар (опера, драма) иштейт. 14-15-кдын шаар чептери жана порт курулмаларынын калдыктары, Дева Мария костёлу (14-16-кылымдын аягы), башкы ратуша (14-16-к.), арсенал (17-кдын башы), ренессанс жана барокко стилинде курулган үйлөр сакталган. Алгач 10-кылымдын аягынан эскерилет. 10-13-кылымда Чыгыш-Поморье княздыгынын борбору. 1793-1918-ж. Германияга баш ийип турган (Данциг деп аташкан). Версаль тынчтык келишими (1919) боюнча «Эркин шаар» статусун алып, Улуттар лигасынын башкаруусунда болгон.

Гданьск.

Колдонулган адабияттар түзөтүү