Гдыня - Польшанын түндүгүндөгү шаар. Поморье воеводдугунда. Калкы 254 миң (2006). Балтика деңизинин Гдань бухтасында жайгашкан. Гданьск, Сопот шаары менен Труймясто шаар агломерациясын түзөт (калкы 867,0 мпң). Ири деңиз порту (2005-ж. 12,1 млн ò жүк ташылган, анын 63% контейнер жүгү). Карлскруна шаары (Швеция) менен паром аркылуу үзгүлтүксүз байланышып турат. Алгач 1253-жылдан эскерилет. 1926-жылдан шаар. Архангел Михаил чиркөөсү (13-к.), неоготика стилиндеги чарбак-үй (18-к.), функционализм стилиндеги курулуштар сакталган. Илимий-изилдөө институттары, Деңиз, Аскер-деңиз академиялары, бир нече менчик ЖОЖ, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын поляк көркөм фильмдеринин фестивалы, хореография искусствосунун эл-аралык конкурсу, парустуу кайыктардын эл-аралык жарышы өткөрүлөт. Гдыня кеме куруу жана ремонттоо өнөр жайынын ири борбору. «Гдыня» кеме верфп (Европадагы эң ири ), кеме муздаткычтарына жана кабель телекөрсөтүүсүнө жабдуу чыгаруучу пшканалары, 2 ЖЭС, Поморье илимий-техникалык паркы (анын базасында электронпка өнөр жайы НАТОнун аскерлерп үчүн байланыш каражаттарын чыгарат) иштейт. Балык кармалып, беленделет.

Гдыня.

Колдонулган адабияттар түзөтүү