Гебрид аралдары, Гебриддер Атлантика океанындагы архипелаг. Британ аралдарына кирет, Шотландиянын батыш тарабында; Улуу Британиянын аймагы. 500дөй аралдан турат (негизгилери Льюис, Скай, Малл). Жалпы аянты 7,5 мпң км2. Рельефине таштуу түздүк, дөбө-дөңсөөлөр жана жапыз тоолор (бийиктиги 1009 мге чейин, Скай аралындагы Куллин-Хилс чокусу) мүнөздүү. Лава талаасы, байыркы муз каптоонун издери (тепши сымал өрөөндөр жана башка) бар. Шалбаа, вереск бадалы, кайың токою, өлөң чөп басымдуу. Балык кармалып, кой асыралат.

Гебрид аралдары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү