Гегемония (гр. hegemonia бийлөө, башкаруу) - гегомонизм - жеке көз караштын, саясий эрежелердин, көрсөтмөлөрдүн, саясаттын башка бирөөлөргө таңууланышы.

Гегемония башка бирөөгө карата саясий күчтөн, таптык, мамлекеттик башкаруучулуктун, бийлөөчүлүктүн абалы. Гегемония бийлик эмес, ал таасир жана башкаруунун биригип, бийликти жүргүзүүгө айлануусу. Гегемония түрлөрү: маданий, идеологиялык, саясий ж. б. Гегемониянын масштабы континенталдыктан тартып тармактыкка чейин жетиши мүмкүн. Гегемония үчүн күрөш мамлекеттердин коалицияларынын түзүлүшүнө, согуштарга алып келген учурлар болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз педагогикасы:Энциклопедиялык окуу куралы/Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш И. Бекбоев(төрага) ж.б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 340 б. ISBN 9967-14-018-6