Геденбергит
Геденбергит (швед минералогу Л. Геденбергдин ысымынан) пироксендер тобундагы минерал. Химиялык формуласы CаFe2+(Si2O6). Моноклин сингониясында кристаллданат. Өңү кочкул жашыл, айнектей жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5-6. С. салмагы 3,6. Магнетиттин контакттык кендеринде жана акиташтектеринен пайда болгон скарндарда кездешет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4