"Гейшанын эскерүүлөрү" (англ. Memoirs of a Geisha, орус. Мемуары гейши) - 2005-жылы Роб Маршалл окшош аталыштагы романга таянып тарткан америкалык эпикалык драма. Продюсерлер Стивен Спилбергдин "Amblin Entertainment" жана "Spyglass Entertainment" компаниялары жана Дуглас Уиктин "Red Wagon Productions" компаниясы. Тасма 2005-жылы 9-декабрда АКШда "Columbia Pictures" жана "DreamWorks Pictures" тарабынан жарыкка чыгарылган. Тасмага тартылгандар: Чжан Цзыи, Кен Ватанабэ, Гун Ли, Мишел Йео, Юки Кудо, Сузука Ого жана Саманта Футерман. Тасма Калифорниянын түштүк жана түндүк жагында, Киотонун Киомизу жана Фушими Инари храмында тартылган. Тасма итке минген кедей үйбүлө окия деп аталган гейша үйүнө Чио Сакамото аттуу жаш жапон кызын сатканы тууралуу баяндалат. Чио кийинчерээк Саюри аттуу гейшага айланат да, абдан популярдуу болот. Саюри ийгилик менен бирге эле гейша жашоо тарзынын сырлары жана курмандыктары болоорун туят.

Гейшанын эскерүүлөрү
Режиссеру Роб Маршалл
Жазуучу Робин Свайкорд
Оператору Дион Биби
Негизинде Гейшанын эскерүүлөрү
автору: Артур Голден
Тартылгандар
Музыкасы Жон Таунер Уилямс
Редактору Петро Скалия
Жайылтуучу
Чыккан жылы
  • ноябрь 29, 2005 (2005-11-29) (Токио премьерасы)
  • декабрь 9, 2005 (2005-12-09) (АКШ)
Узактыгы 145 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили
Бюджети $85 млн
Киреше $162.2 млн

Тасма батыш сынчыларынын карама-каршылыктуу пикирлерине кабылганы менен ийгиликтүү сатылып, Оскардын 6 наамына көрсөтүлүү менен "Эң мыкты оператор", "Эң мыкты коюлган тасма" жана "Эң мыкты костюм дизайны" сыйлыктарын утуп алган. Аткарылышы, көрүнүшү, коюлушу, костюмдары жана Жон Уиллиамстын музыкасы мактоого татыганы менен жапон аялдарынын ролун кытай аялдарынын аткаруусу, тасманын стили сынга кабылган. Тасманын жапончосу баш каарман Саюринин атынан коюлуп жарыкка чыккан.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Memoirs of a Geisha (12A). British Board of Film Classification (November 30, 2005). Текшерилген күнү 4 -ноябрь (жетинин айы) 2016.