Гей-Люссак мыйзамдарыгаздардын негизги мыйзамдары. XIX-кылымдын башында Гей-Люссак ачкан.

1. Газдардын жылуулуктан кеңейүү мыйзамы — туруктуу басымда берилген газ массасынын көлөмүнүн өзгөрүшү темп-ранын өзгөрүшүнө түз пропорциялуу: (F2—Fj)/ Vi=aAt же F2=Fi(7-)-aAi), мында Vi — газдын баштапкы температурадагы (fi), F2 — акыркы темпепратурадагы (t2) көлөмү; At=t2—tl; a — туруктуу басымда газдар көлөмүнүн жылуулук­тан кеңейүү коэффициенти.

2. Көлөмдүк катыш мыйзамы боюнча ту­руктуу басымда жанa температурада реакцияга кирүүчү газдардын көлөмү өз ара жанa реакциядан кийин пайда болгон газдын көлөмүнө катышы бир бүтүн сан болот. Мис., 1 келем Н2 1 колем С12 м-н кошулганда 2 келем НС1 пайда болот: Н2+С12=2НС1, б. а. көлөмдөрдүн катышы, 1:1:2 ге барабар. Бул мыйзам атом-мол. теориянын түзүлүшү үчүн чоң роль ойноду жана Авогадро мыйзамынын ачылышына түрткү берди.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.